Дүйнөлүк басма сөз 7.04.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Le Monde: Ковид-19га чейинки жашоого кайтып келүү, эмдөөгө карабастан амбициялуу максат.
Le Figaro: (Париждин мэри) Энн Идальго Париждеги булганууга каршы чара көрбөй жатат деп айыпталууда.
France 24: Европа Биримдигинин (ЕБ) лидерлери чыңалууну азайтуу үчүн Түркияда.
Zeit: Кассель шаары, NSU (Улуттук социалисттик жер асты) курмандыгы болгон Халил Йозгатты өлүмүнүн 15 жылдыгында эскерди.
Frankfurter Allgemeine Zeitung: Европалык дары-дармек агенттиги EMA билдиргендей, AstraZeneca вакцинасы менен тромбдордун ортосунда байланыш бар.
Salzburger Nachrichten (Австрия): Иран менен АКШ Венада өзөктүк келишимди сактап калуу боюнча сүйлөшүүлөрдү башташты.
Эль Паис (Испания): (Эл аралык Валюта Фонду) IMF, Испанияда эң эрте 2027-жылга чейин жумушсуздук пандемияга чейинки деңгээлге кайтып келбейт деп эсептейт.
Infobae (Аргентина): Оксфорд университети балдарга AstraZeneca вакцинасын сыноону токтотту, ал эми Британия тромбоз (кан уюган) менен болгон байланышты иликтеп жатат.
Телесур (Венесуэла): Болжол менен 190 өлкө Ковид-19 эмдөөсүн баштады.
Al jazeera: New York Times: Израиль Вашингтонго Кызыл деңизде Иран кемесин аткандарын кабарлады.
Al dastour (Иордания): Америка Кошмо Штаттары (өзөктүк келишимге кайтуу үчүн) санкцияларды "жеңилдетүүнү" сунуш кылды, Иран "толугу менен жокко чыгарууга" чакырды.
Gazetem.ru: Песков: Эгерде Украина НАТОго кирсе ал ыдырайт. Украинанын президенти Зеленскийдин НАТОго мүчөлүккө байланыштуу билдирүүлөрүнө сереп салган Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков: Украинанын НАТОго мүчө болушу ага зыян гана тийгизерин айтты.
Известия: Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба, Франциянын "Либерась" гезитине берген маегинде, Донбасста согуш баштоону каалабай тургандыктарын жана өз аскерлерине кол салуу коркунучу жаралган учурда гана от чыгара тургандарын билдирди.
ТАСС: Zoom компаниясы өзүнүн программаларынын Россиянын мамлекеттик компаниялары тарабынан колдонулушуна чектөө койду.