Дүйнөлүк басма сөз 2.04.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Le Monde: Ковид-19: Францияда үчүнчү улуттук карантин башталууда, экономика дагы бир сокку алды.
Ле Темпс: Швейцарияда коронавирус менен ооругандар бир жуманын ичинде 20 пайызга көбөйдү.
France 24: Ковид-19: Франция парламенти президент Эммануэль Макрон жарыялаган жаңы чараларды бекитти.
Wirtschaftswoche: Коронавирус - Роберт Кох институтунун маалыматына караганда британ вариантынын көрсөткүчү 90 пайызга жетти.
Die Presse (Австрия): Африкада коронавирустун мутацияланган 40ка жакын жаңы варианты аныкталды.
Frankfurter Allgemeine Zeitung: Канцлер Ангела Меркель жарандарды Пасха майрамында саякатка чыкпоого чакырды.
Al Jazeera: БУУнун Коопсуздук Кеңеши Мьянмада жүздөгөн жай тургундардын өлтүрүлүшүн "катуу" айыптады.
Al Jazeera: Сауд Арабиясынын Тышкы иштер министри принц Фейсал бин Фархан: Израил менен нормалдашуу аймакка чоң пайда алып келет жана анын ийгилиги Палестина маселесинин чечилишине байланыштуу.
Аль-Рая (Катар): Ливия: Бириккен Улуттар Уюму, Хафтарга караштуу 120 согушкердин бошотулушун кубаттады.
Аль-Дустур (Иордания): Араб Лигасы Жакынкы Чыгыштагы көйгөйлөрдү жана кризистерди саясий жол менен чечүү зарылдыгын тастыктады.
El Pais: (Испания) Испанияда саламаттыкты сактоо кызматкерлери коронавируска (Kovid-19) каршы бир күндө 306.000 доза вакцина сайылып, өлкө рекордун жаңылады.
Эль Мундо: (Испания) Испанияда энеси кош бойлуу кезинде эмделгенден кийин коронавируска (Ковид-19) каршы биринчи антителолуу наристе төрөлдү.
TeleSur: Венесуэланын Коргоо министрлиги Колумбиянын чек арасында куралдуу топтор менен жаңы жаңжал болгонун билдирди.
ТАСС: АКШ "күндөрдүн биринде" Орусиядагы бардык дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн кайрадан ачат деп үмүттөнөт.
Риа Новости: Украина Россия менен жаңжал чыккан учурунда АКШнын колдоо көрсөтүү кепилдигин бергенин маалымдады.
Lenta.ru:: Россиянын Федералдык Коопсуздук кызматы, Тверь аймагында ДЕАШ террордук чабуулун алдын алды.