Дүйнөлүк басма сөз 1.04.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Elquds Alarabi: (БУУнун баш катчысы Антонио) Гутерриш Омандын Йемендеги ортомчулугун жогору баалап, кризисти токтотуу зарылдыгын белгиледи.
Aljazeera: Европанын 18 өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери Сириядагы "согуш кылмыштары" жазасыз калбайт деп убада беришти.
Elraya: Катар Сириядагы жарандарга каршы зомбулукту айыптады.
Deutsche Welle: Дүйнөлүк товар соодасы, болжолдоолорго караганда тезирээк калыбына келүүдө.
Der Spiegel: Германиядагы акыркы мыйзам чыгаруу мезгилинде 18 депутаттын кол тийбестиги алынды.
Тагессшау: ЕБ өлкөлөрү вакцина максаттарын аткара алышкан жок.
Le Figaro: Ковид-19: (Франциянын президенти) Эммануэль Макрон кризистик кырдаалды жөнгө салууда "ката кетиргенин" моюнга алды.
Эль Паис (Испания): ЕБ биринчи чейрек үчүн белгиленген бардык эмдөө пландарын аткара албай жатат.
Infobae (Аргентина): Бразилиядагы аскердик кризис: (Бразилиянын президенти) Жаир Болсонаро Куралдуу күчтөрдүн жаңы командирлерин дайындады.
Ла Терсера (Чили): (АКШ) Балтимор заводундагы ката, 15 миллион дозага жакын Johnson & Johnson (Kovid-19) вакцинасынын текке кетишине себеп болду.
Риа Новости: Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жосеп Боррелль, Москванын нааразылык акцияларына катышкан үч европалык дипломатты өлкөдөн чыгаруу чечимин кол салуу деп мүнөздөдү.
Gazeta.ru: Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адамдардын жыргалчылыгын коргоо боюнча федералдык көзөмөл кызматынын (Роспотребнадзор) өкүлү, Россия Федерациясындагы коронавирус эпидемиясы август айына чейин токтошу мүмкүн деп билдирди.
"Коммерсант": АКШ Орусия менен Украина чек арасындагы аскердик кыймылдуулукту сүйлөштү.