Дүйнөлүк басма сөз 5.01.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Аль-Кудс Аль-Араби (Араб-британ гезити): Сауд Арабия менен Катардын ортосундагы кургактык, деңиз жана аба чек аралары бүгүндөн тарта ачылганын билдирген.
Ал-Рая аль-Катария (Катар гезити): Катардын Эмири шейх Тамим бин Хамад Аль-Танинин Перс булуңундагы Кызматташтык Кеңешинин саммитинде Катар делегациясын жетектей турганын маалымдаган.
Аль-Дустур (Иордания гезити): Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо министрлиги (Пентагон): «USS Nimitz кемеси Перс булуңунда калат» деп билдиргенин жазган.
t-online: Германияда (коронавирустук чаралардын алкагындагы) карантиндин январдын аягына чейин узартыла турганын кабарлаган.
Dpa: «Туризм үчүн оор жыйынтык - Корона пандемиясы туризм индустриясын 1990-жылдагы деңгээлге алып келди» деп жазган.
nachrichten.at (Австрия): Британия менен Түштүк Африкадагы вирустун мутациясы Австрияда дагы аныкталганын маалымдаган.
Le Figaro: «Ковид-19 - Премьер-министр Борис Жонсон бүтүндөй Британияда кайрадан карантин жарыялады» деп билдирген.
Le Monde: Францияда эмдөө процессинин басаңдашы экономикалык калыбына келүүгө да коркунуч жаратканын кабарлаган.
France 24: «Kovid-19: Көптөгөн коңшуларынан айырмаланып Франция мектептерди кайрадан ачууда» деп жазган.
Эль Мундо (Испания): Испанияга бир жума мурун келген 360 миң доза вакцинанын, пландоонун жана медайымдардын жоктугунан колдонулбаганын билдирген.
Эл Миленио (Мехико): (Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин жаңы убактылуу мүчөсү) Мексика Коопсуздук Кеңешинде курал-жарак көзөмөлүнө артыкчылык бере турганын кабарлаган.
«Известия» гезити: АКШ Румынияга «MQ-9 Reaper» атуу куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарын жайгаштырганын маалымдаган.
«Коммерсант» гезити: Россияда 2020-жылы коррупцияга байланыштуу салынган айып пулдун көлөмү 31 миллиард рублга (болжол менен 420 миллион доллар) жеткенин билдирген.
Lenta.ru: Россияда жүргүзүлгөн коомдук сурамжылоого караганда, калктын 33 пайызы 2021-жылга байланыштуу көбү жумушсуздуктан, 27 пайызы акчанын жоктугунан, 11 пайызы быйыл былтыркыдан начар болот деп коркушканын жазган.