Дүйнөлүк басма сөз 04.01.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Аль-Рая Аль-Катария (Катар): Түркия, коронавируска (Kovid-19) каршы иштелип чыккан атамекендик вакцина апрель айында чыгат деп жарыялады.
ВАТАН (Оман): Оман Саламаттыкты сактоо министрлиги: 7 миң 600 адам коронавируска каршы вакцина алышкан жана терс таасирлери байкалган жок.
Аль-Мустакбал (Ливан): Ливандын Саламаттык сактоо министрлиги кечээ күнү 2 миң 870 адамдын коронавируска чалдыкканын жана 10 кишинин каза болгонун түшүндүрүп жатып, «кырдаал тынчсыздандырат» деди.
El Pais: (Испания) Испания менен Британия Брекситтен (Улуу Британиянын Европа Бирлигинен чыгышы) кийин Улуу Британиянын аскердик кызматташуу келишимин талкуулашты.
Эль Мундо: (Испания) Испаниялыктардын 70 пайызы Өкүлдөр Конгрессинде бекитилген жаңы эвтаназия мыйзамын колдошот.
TeleSur: (Венесуэла) Колумбиянын борбору Богота 5-январдан баштап Ковид-19 оорусунун көбөйүшүнө байланыштуу кайрадан карантин жараянына кирет. Жаңы карантин жараяны 18-январга чейин уланат.
ZDF Online: Германиядагы 2021-жылдагы жалпы шайлоодон тышкары, алты провинцияда Провинциялык кеңештин шайлоосу өтөт.
Deutsche Welle: 2020-жылы Германиянын өкмөтү Йемен жана Ливия сыяктуу чыр-чатактарга катышкан өлкөлөргө же тарап болгон өлкөлөргө бир миллиард евродон ашык курал-жарак экспорттоону жактырган.
T-Online: Германиялык вирусолог Кристиан Дростен коронавируска байланыштуу 2021-жылдын биринчи жарымында "татаал кырдаал" болоорун эскертти.
Le Figaro (Франция): Изилдөөгө ылайык, француздардын басымдуу бөлүгү (Ковид-19га каршы) эмдөөдөн баш тартышат
Le Soir (Бельгия): Бельгияда эмдөө кампаниясы башталды: катышуу деңгээли күтүлгөндөн жогору
Tribune de Genève (Швейцария): Швейцариянын эмдөө өнөктүгүн баштай албоосу нааразычылыктарды жаратты.
ТАСС агенттиги: АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео, Дональд Трамптын администрациясы Россияга каршы мурдагы саясатчыларга салыштырмалуу эң катаал саясатты жүргүзгөн АКШнын администрациясы болду деп билдирди.
Лента.ру: Хорватия Орусиянын Европада газ үстөмдүгүнө сокку уруп, суюлтулган газды АКШдан 2021-жылдын 1-январында сатып ала баштады.
РИА Новости агенттиги: Илимпоздор жана археологдор тобу Түркиянын батыш тарабындагы Урла-Чешме жарым аралында 2500 жылдык Афродита храмынын калдыктарын табышты.