Дүйнөлүк басма сөз 31.12.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Аль-Рая Аль-Катария (Катар): Ливандын Бейрут портунда (4-августа) болгон жарылууга 500 тонна аммиак селитрасы себеп болгонун билдирген.
Аль-Мустакбал (Ливан): Йемендеги Аден аэропортунда болгон жардырууга байланыштуу (Иран колдогон шиит тобу) хуситтер күнөөлөнүп жатканын жазган.
Tagesschau: «Германияда коронавирус: каза тапкандардын суткалык көрсөткүчү биринчи жолу миңден ашты. Роберт Кох институтунун маалыматына караганда, акыркы сутканын ичинде өлкөдө 1 миң 129 адам көз жумду» деп кабарлаган.
Deutsche Welle: Германияда көрүлгөн чараларга карабастан жуктургандардын санынын азайбаганына байланыштуу саламаттык сактоо министри Йенс Шпан чаралар улантылышы мүмкүн деп жарыялаганын билдирген.
Bild: «Коронавирустун жылдыгы: Кытай Эл Республикасы туура бир жыл мурун коронавирусту жарыялады» деп жазган.
Эль Паис: Испания коронавирустан киши башына өлүм көп катталган өлкөлөрдүн бири катары жылды аяктап жатканын кабарлаган.
Ла Вангардия (Испания): Саламаттык сактоо сектору, Каталонияда коронавирустук чараларды катаалдаштырылышын талап кылганын маалымдаган.
Le Monde (Франция): Францияда Ковид-19дун экинчи толкуну биринчисине караганда көбүрөөк өлүмгө алып келгенин билдирген.
France 24 (Франция): «Өкмөттүн басма сөз катчысы Габриэль Атталдын айтымында, 7-январда Франциядагы театрларды жана кинотеатрларды кайрадан ачуу кыйынга тургандай» деп жазган.
Ле Темпс (Швейцария): Канада өлкөгө киргендерден Kovid-19 тесттин талап кылып жатканын маалымдаган.
Риа Новости агенттиги: Молдованын президенти Майя Санду, эки мамлекеттин ортосундагы көйгөйлөрдү талкуулоо жана сооданы өнүктүрүү үчүн Орусияга барышы мүмкүн экендигин айтканын билдирген.
"Коммерсант" гезити: Россиядагы эксперттер 2021-жылдын күз айына чейин калктын 50 пайызы эмдөөдөн өтсө, өлкөдө жашоо нормалдашат деп ойлогондорун жазган.
ТАСС агенттиги: Коронавирустук чектөөлөрдөн улам Россия Жаңы жылды быйыл жылдагыдан айырмаланып тосуп алат: көпчүлүк өлкөлөр менен чек аралар жабык, майрамдык иш-чаралар жокко чыгарылды, ресторандар чектөөлөрдү сактоо менен иштеп жатышат» деп кабарлаган.