Дүйнөлүк басма сөз 9.10.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Zdf: Роберт Кох институту Германияда коронавируска кабылгандардын саны күнүнө 10 миңге чейин жетиши мүмкүн деп эскертсе, Германиянын канцлери Ангела Меркель: «Экинчи карантинге жол бербешебиз керек», - деп айтканын жазган.
«Welt» гезити: Германиянын өкмөтү пандемия учурунда мамлекеттик кызматкерлердин үйлөрүндө иштеши үчүн 93,5 миллион еврого бааланган 40 миңден ашуун компьютер сатып алганын билдирген.
Deutsche Welle: АКШнын президенти Дональд Трамп, Ооганстанда калган акыркы америкалык аскерлер Рождество күнүнө чейин кетерин кабарлаганын маалымдаган.
Аль-Рая (Катар): Эрдоган: «Катар менен Түркиянын стратегиялык мамилелери бар» деп айтканын жазган.
Аль-Кудс Аль-Араби: Европа парламенти, саудиялык журналист Жамал Хашоггини өлтүрүүгө катышкан саудиялыктарга санкция жарыялоого чакырып жатканын билдирген.
Al Jazeera: Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун башкы катчы Саеб Эракатка коронавирус жуккандыгын кабарлаган.
Эль Мундо (Испания): «Ковид-19: Испанияда Министрлер Кеңеши бүгүн шашылыш чогулуп, Мадрид үчүн кеңири чектөөлөрдү жана өзгөчө кырдаалды талкуулашат» деп маалымдаган.
Эль Паис (Испания): Дарыгерлер жана эксперттер Мадриддин жашоочуларынан катуу коопсуздук чараларын сактоону өтүнүшкөнүн жазган.
El Nacional (Венесуэла): Венесуэланын Карабобо жээктерине мунай төгүлүп, тазалоо иштерине ыктыярчылар да катышып жаткандыгын билдирген.
Le Monde: «Ковид-19: (Франциянын) Лилль, Гренобль, Лион жана Сент-Этьен шаарлары "жогорку деңгээлдеги эскертүү" тиртибине өттү» деп жазган.
Le Soir (Бельгия): «Ковид-19: Оорулуу борбор шаар болгон Брюссель, Париж менен Мадриддегидей ашканаларды жабуу менен кырдаалдын курчушуна жол бербөөнү каалайт» деп билдирген.
France 24: Айыгуу процессинде болгон (АКШнын президенти) Дональд Трамп видеоконференция аркылуу өткөрүлүшү пландаштырылган дебат программасына катышуудан баш тартып, ишемби күнү митинг уюштура турганын кабарлаган.
«Известия» гезити: (Россиянын президенти Владимир) Путин Тоолуу Карабахтагы ок атышууну токтотууга чакырганын жазган.
РИА Новости агенттиги: АКШнын Улуттук контр-чалгындоо жана Коопсуздук борборунун директору Уильям Эванина: «Россия, Кытай жана Иран АКШдагы коронавирустук вакцина аракеттерин бузууга аракет кылып жатат» деп айтканын билдирген.
ТАСС Агенттиги: Дүйнөлүк жаратылышты коргоо фонду (WWF) Камчаткада болгон жана Тынч океандын булгануусуна алып келген экологиялык кырсыктын себептерин аныктоо үчүн жүргүзүлүп жаткан изилдөө иштерине катыша турганын билдирген.