Дүйнөлүк басма сөз 8.10.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
«Bild» гезити: АКШда Африка тектүү Жордж Флойдту өлтүргөн полиция 1 миллион долларлык күрөөгө бошотулганын кабарлаган.
Deutsche Welle: «Германия менен Франция Орусияга каршы санкция киргизилишин каалашат. Оппозициячыл Алексей Навалныйдын ууланышы далилденгенден кийин Берлин менен Париж Орусияга санкция киргизүүнү талап кылышат» деп жазган.
Аль-Кудс Аль-Араби: АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт О'Брайен: «Америка Ооганстандагы күчтөрүн кийинки жылы 2500гө кыскартат» деп билдиргенин маалымдаган.
Аль-Рая (Катар): (Түркиянын президенти) Эрдоган (Германиянын канцлери) Меркелге: «Европа Биримдигинин чечимдери көйгөйлөрдү чечпейт» дегенин кабарлаган.
Al Jazeera: (АКШдагы Демократтардын жетекчи орун басарлыгына талапкер) Харрис: «(АКШнын президенти) Трамп сунуш кылган кандайдыр бир коронавируска каршы вакцинаны албайм» дегенин жазган.
Эль Паис (Испания): Испания, сасык тумоо сезону башталганда медицина кызматкерлерине жана улгайган адамдарга ПЦР тесттерин чектеши мүмкүн» деп маалымдаган.
Ла-Жорнада (Мексика): Нобель сыйлыгынын ээси, мексикалык химик Марио Молина дүйнөдөн кайтканын кабарлаган.
Кларин (Аргентина): АКШнын президенти Дональд Трамп дарылануу учурунда ага берилген Ковид-19 дарысын «бекер таратам» деп убада кылганын жазган.
Le Figaro: Youtube Франциянын экономикасына жарым миллиард евролук салым кошконун билдиргенин маалымдаган.
Le Parisien: «Алекс» шамалы: «(Франциянын президенти) Макрон (аймакты) калыбына келтирүү үчүн бир миллиард евро убада кылды» деп билдирген.
Le Soir: Брюсселде барлар, кафелер, чай бөлмөлөрү жана көңүл ачуучу жайлар (коронавируска каршы күрөшүү үчүн) бир айга жабыла турганын кабарлаган.
RT News сайты: «Британия, орусиялык оппозициячыл Алексей Навальныйдын ууландырылышына байланыштуу Орусияга каршы санкция киргизилишин талап кылууда» деп билдирген.
РИА Новости агенттиги: Россия, Белоруссиядагы оппозициянын лидери Светлана Тихановскаяны издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине кошконун маалымдаган.
ТАСС: Россиянын Рязань облусунда армиянын курал-жарак кампасында жарылуулар уланып жатканын жазган.