Дүйнөлүк басма сөз 7.10.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1504345
Дүйнөлүк басма сөз 7.10.2020

Le Monde: «Ковид-19: Саламаттык сактоо тармагындагы кризис бир миллион француз аял жана эркекти жакырчылыкка түрттү» деп жазган.

France 24: Америка Кошмо Штаттарынын Президенти (АКШ) Дональд Трамптан эми  Ковид-19дун белгилери байкалбаганын кабарлаган.

Frankfurter Allgemeine Zeitung: Германия менен Түркиянын ортосунда Кельнда өтө турган улуттук мелдеште эң көп 300 көрүүчү катыша турганын маалымдаган.

Франкфуртер Рундшау: «Германияда Ковид-19 - Жаңы учурлардын саны апрель айынан берки эң жогорку деңгээлде» деп билдирген.

Zeit: «Тарыхый сапар - Израиль менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) тышкы иштер министрлери Берлиндеги Холокост мемориалына зыярат кылышты» деп маалымдаган.

Эль Мундо (Испания): Ковид-19: Мадрид кеңешчиси: «Акыркы маалыматтар вирустун төмөндөө тенденциясында экендигин көрсөттү» деп айтканын кабарлаган.

Infobae (Аргентина): Бириккен Улуттар Уюму Венесуэладагы адам укуктарынын бузулушун иликтөөнүн кеңейтилишин бекиткенин маалымдаган.

Аль-Кудс Аль-Араби: Палестина менен Катардан кийин Ливия, Араб Лигасынын кезектеги төрагалыгын жүргүзбөй тургандыгын жарыялаганын жазган.

Аль-Рая (Катар): Баскынчы күчтөр Палестинанын Эриха шаарына кол салып, Газаны бомбалашканын кабарлаган.

Аль-Дустур (Иордания): Ирак: «600 миң үй-бүлө куткарылган аймактардагы үйлөрүнө кайтып келишти» деп билдиргенин жазган.

ТАСС: Азербайжандын Россиядагы элчиси Полад Бүлбүлоглу, Тоолуу Карабактагы учурдагы жаңжалга Россиянын адилеттүү жана тең салмактуу мамиле кылып жаткандыгын айтканын билдирген.

Ria.ru жаңылыктар сайты: Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Карабахта макулдашууга даяр экендиктерин айтканын жазган.

Российская газета: Россиянын Коргоо министрлигинин Крымдагы санаторийинде өрт чыгып, 300 адам эвакуацияланганын кабарлаган.



Тектеш кабарлар