Дүйнөлүк басма сөз 1.10.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Le Parisien: Франциянын премьер-министри Жан Кастекстин бүгүн коронавирус пандемиясын (Ковид-19) сүйлөшүү үчүн Париж, Лион, Лилль жана Гренобль шаарларынын мэрлерин кабыл аларын билдирген.
Le Monde: «Окумуштуулар Франциянын Ковид-19га каршы саламаттыкты сактоо стратегиясын кандай баалашат?» деген теманы койгон.
Le Figaro: Ковид-19 пандемиясына каршы күрөштүн алкагында Марсель жана Экс шаарларындагы барларды жана ресторандарды жабуу чечими сот тарабынан бекитилгендигин кабарлаган.
Элкудус: Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык качкындарына жардам агенттиги (UNRWA) Ковид-19 менен күрөшүү үчүн тезинен каржылык колдоого муктаж экендигин баса белгилегенин маалымдаган.
Элдустур: Ковид-19га каршы эффективдүү вакцинаны иштеп чыгуу максатында Араб лигасы-Кытай жыйыны болуп өткөнүн жазган.
Эль Паис: Испаниянын премьер-министри Педро Санчестин, сот бийлигин жаңылоо үчүн айрым мыйзамдарды өзгөртүү керек деп ойлогонун кабарлаган.
El Pais: Испаниянын саламаттык сактоо министри Сальвадор Илла, Мадриддин тургундарынын 70 пайызынын карантинге алынарын жарыялаганын, ал эми калган жети ири шаар кайрадан карантинде калуу коркунучунда турганын билдирген.
TeleSur: (Венесуэла) Колумбияда 2020-жылдагы кылмыштарда 260 адамдын өлтүрүлгөнүн, бул сандын былтыркыдан эки эсе көп экенин жазган.
Euronews: Президент Режеп Таййип Эрдоган саммиттин алдында Европа Биримдигинин (ЕБ) лидерлерине кат жөнөткөнүн маалымдаган.
Deutsche Welle: «Бельгиянын борбору Брюсселде Түркия жана Чыгыш Жер Ортолук деңизи саммити» деп жазган.
Zeit Online: Бавария, Германияда суперкубоктун ээси болгонун билдирген.
РИА Новости: Россиянын президенти Владимир Путин менен Франциянын лидери Эммануэль Макрон Тоолуу Карабах менен Белоруссиядагы кырдаалды телефон аркылуу талкуулашканын маалымдаган.
Коммерсант: Орус саясатчысы Алексей Навальный Германиянын «Der Spiegel» журналына берген маегинде, ууландыруунун артында Россиянын президенти Владимир Путиндин турганын айтканын жазган.
Известия: «Жаш жана орто курактагы орустардын 46% пайызы балалуу болууну көздөбөйт. Анын себептеринин катарында каржылык көйгөйлөр, ден-соолукка байланыштуу көйгөйлөр жана мансаптык мүмкүнчүлүктөрдү жоготуп алуу коркуусу бар» деп кабарлаган.