Дүйнөлүк басма сөз 30.09.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1499940
Дүйнөлүк басма сөз 30.09.2020

Аль-Жазира (Катар телекөрсөтүүсү): «Адамкерчиликтүү лидер Кувейттин эмири Шейх Сабах ал-Ахмед... Дүйнөнүн көптөгөн жерлерине жеткен ак кол» деп билдирген.

Аль Рая Аль Катария (Катар) Катар Палатасы жана Түркия Палаталар Бирикмеси тарабынан телекөпүрө аркылуу өткөрүлгөн Түрк-Катар ишкерлеринин жолугушуусуна түркиялык жана катарлык 1500 компаниянын соода жана инвестициялык келишимдерди түзүү үчүн катышып жаткандарын маалымдаган.

Аль-Кудс аль-Араби (Араб - Британ): Кувейттин бешинчи башкаруучусу, "адамзаттын эмири" шейх Сабах аль-Ахмед аль-Жабер ас-Сабах дүйнөдөн кайтты» деп кабарлаган.

«Bild» гезити: АКШ президенти Дональд Трамп менен Демократиялык партиядан президенттикке талапкер Жо Байден Америка Кошмо Штаттарындагы (АКШ) шайлоонун алдында теле-дебатка чыккандарын жазган.

Spiegel: Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Тоолуу Карабахтагы ок атышууну токтотууга чакырганын билдирген.

Stern: «Германия коронавирустук чараларды күчөтүүдө. Маска кийбегендерге 50 евролук айып салынат» деп маалымдаган.

Le Monde: «Чарли Эбдо» журналынын мурдагы кеңсесинин алдындагы кол салуу:  шектүү "террордук кол салууга аракет кылган" деген айып менен соттолот» деп жазган.

Le Figaro: Женевада минималдык эмгек акы айына 3800 еврого чейин көтөрүлө турганын билдирген.

El Pais (Испания): «Испаниянын Саламаттык сактоо министрлиги жалпы өлкө үчүн критерийлерди жарыялады: Мадридде коменданттык саат жарыяланышы мүмкүн» деп кабарлаган.

Эль Мундо (Испания): «Испанияда Саламаттык сактоо министрлиги сасык тумоого каршы вакцина боюнча чараларды көрдү, запастарын сактоо үчүн ашыкча дозага жол берилбейт» деп жазган.

Gazeta.ru жаңылыктар сайты: Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу, Сирияда террордук уюм ДАЕШтын толугу менен жеңилүүгө учураганын айтканын билдирген.

Lenta.ru сайты: Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөдөгү орусиялык базанын зарылчылык болгондо Азербайжанга каршы колдонулушу мүмкүн деп айтканын жазган.

Риа Новости агенттиги: Москвада Ковид-19 вакцинасынын экинчи дозасы изилдөөгө катышкан адамдарга берилгенин маалымдаган.



Тектеш кабарлар