Дүйнөлүк басма сөз 28.07.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1463033
Дүйнөлүк басма сөз 28.07.2020

Le Soir: «Коронавирус: Бельгиянын Антверпен шаарында коменданттык саат киргизилет жана беткап тагуу милдеттүү болот» деп жазган.

France 24: Европанын экинчи толкун коркунучуна каршы Ковид-19 чараларын күчөтө турганын билдирген.

Le Monde: Франциянын Жиронда аймагында токой өртүнөн болжол менен 250 гектардагы карагайлар жок болгонун кабарлаган.

Аль-Кудс Аль Араби: Кувейт өкмөтүнүн билдирүүсүндө, АКШда ийгиликтүү операция болгондон кийин дарылануусун уланткан Кувейт Эмири Шейх Сабах аль-Ахмед эс-Сабахтын ден соолугунун туруктуу экендигин маалымдаганын жазган.

"Аль-Жазира" (Катар ТВ): Жорж Флойдго жасалганы сыяктуу АКШда Федералдык күчтөр америкалык кыздын далысына отуруп, мойнун колу жана таяк менен басып алышканда ал кыздын "Мен дем ала албай жатам" деп кыйкырганын кабарлаган.

Al Raye Al Qatariyye (Катар): Араб өлкөлөрүнүн энергетика боюнча жооптуу министрлери телеконференция аркылуу өткөргөн жыйында Араб электр тармагынын жалпы рыногун түзүү маселеси талкууланганын билдирген.

Bild: Портланддагы окуялар: «АКШнын президенти Дональд Трамп, демонстранттарды 10 жылга эркинен ажыратуу боюнча коркутту» деп жазган.

Spiegel: Германияда көңүл айтуу зыяратынан кийин 50 кишиде Ковид-19 аныкталганын кабарлаган.

Deutsche Welle: 30 миң америкалык Ковид-19 вакцинасынын тесттинен өткөнүн билдирген.

El Pais: Испанияда коронавирустун кайрадан күч алып кетишинен улам беделдүү кризистин жаңы коркунучу бар экенин жазган.

La Vanguardia (Испания): Британияда премьер-министр Борис Жонсон өкмөтү Испанияга ветосун узарттып, эгерде милдеттүү болбосо Канар жана Балеар аралдарына барбоого кеңеш бергенин маалымдаган.

Infobae (Аргентина): Венесуэланын президенти Николас Мадуро колумбиялык кесиптеши Иван Дукеден коронавируска каршы биргелешкен аракеттерди координациялоону өтүнгөнүн жазган.

Lenta.ru жаңылыктар сайты: «Орусиядан Түркияга келүүнү каалаган туристтер үчүн жаңы эрежелер жарыяланды: дене табы өлчөнөт, коронавирустун тесттери акысыз жасалат, жуктуруп алгандар дарыланат» деп билдирген.

ТАСС агенттиги: Европанын Россиядан импорттолгон продукцияларга көмүртек салыгы жыл сайын 4,8 миллиард долларлык чыгымга учуратышы мүмкүн экенин жазган.

РИА Новости: Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Улуттук космос жана авиация агенттиги НАСА, көлөмү футбол аянтчасынын диаметри менен тең астероиддин Жерге жакындап келе жаткандыгын билдиргенин кабарлаган.

КТРК сайты: «COVID-19 илдетинен 28 бейтап каза болду» деп билдирген. 



Тектеш кабарлар