Дүйнөлүк басма сөз 23.07.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Le Monde: Америка Кошмо Штаттары (АКШ) коронавируска каршы натыйжалуу болушу күтүлгөн 100 миллион доза вакцинага алдын-ала буюртма бергенин билдирген.
Le Soir: «Бельгиялык изилдөөчүлөрдүн айтымында, коронавирустун экинчи толкуну биринчиден жаман болушу мүмкүн» деп жазган.
France 24: «Францияда Ковид-19: Ар бир адамга акысыз маска сунушу, аткаруу бийлиги тарабынан четке кагылды» деп кабарлаган.
Аль-Рая Аль-Катария (Катар): Египеттиктер президент Абдулфеттах Аль-Сисинин Ливия окуяларына каршы экендиктерин билдирген.
El-İMARAT EL-YAUM: Бириккен Араб Эмираттары, өлкөгө барган жүргүнчүлөрдөн Ковид-19 тесттинен өтүүнү талап кылып жатканын маалымдаган.
ВАТАН (Оман): Оман Султандыгы, Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун саламаттыкты сактоо министрликтеринин отурумуна катышканын жазган.
Deutsche Welle: «Греция Эгей деңизине аскердик кемелерин жайгаштырды» деп билдирген.
«Зюддойче цайтунг» гезити: Германиянын аэропортторунда жүргүнчүлөрдү корона тесттинен өткөрүү пландаштырылып жатканын кабарлаган.
Infobae (Аргентина): Чили Сенаты пенсиялык фонддорду мөөнөтүнөн мурда чыгарып салуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун бекиткенин маалымдаган.
Телесур (Куба): (Бириккен Улуттар Уюмунун Балдарга жамдам фонду) ЮНИСЕФ Ковид-19дун мектепке чейинки билим берүүгө тийгизген таасири жөнүндө эскерткенин жазган.
РИА Новости: АКШнын Мамлекеттик катчсынын орун басары Стивен Биган, Россиянын тышкы саясаты АКШ менен мамилелерде жылышка жол бербей жатканын айтканын кабарлаган.
Lenta.ru: Россияда бир медицина кызматкеринин эки айдын ичинде экинчи жолу коронавируска кабылган биринчи учур катталганын маалымдаган.
«Известия»: "Россиядагы Ковид-19 пандемиясынын экономикага ыктымалдуу таасири жарыяланды; автоунааларды сатуу азаят, бензиндин баасы жогорулайт" деп жазган.
КТРК сайты: «Кыргызстан COVID-19 илдетинен 46 бейтап каза болду» деп билдирген.