Дүйнөлүк басма сөз 19.06.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1439239
Дүйнөлүк басма сөз 19.06.2020

Аль-Кудс Аль Араби: Европа Парламенти, коронавирустун жайылышы боюнча Бахрейндин падышасы Хамед бин Иса аль-Халифага саясий туткундарды бошотууга чакырды.

Аль-Жазира: Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Ливия делосун талкуулап жатышат. Экинчи жагынан, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу чыгыштагы куралдуу согушкерлердин лидери Халифа Хафтердин ролу аяктаганын билдирип, Бириккен Араб Эмираттарынын "Касташтыруу стратегиясы" жөнүндө айтып берди.

Le Temps (Швейцария): Колумбияда колго түшкөн швейцариялык туткун Колумбия армиясы тарабынан куткарылды.

Le Monde (Франция): Сахел: AQMI лидери Абделмалек Друкдалдын өлүмүн тастыктады.

Le Parisien: Коронавирус: Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму 2021-жылга чейин миллиондогон вакцина (даяр) болот деп үмүттөнөт.

Эль-Паес, Испания: (Испаниянын премьер-министри Педро) Санчес туризмге 4,25 миллиард евролук жардам планын жарыялады.

Эль Мундо, Испания: АКШда Калифорниянын борбору (Сакраменто), Колумб (Изилдөөчү Христофор Колумб) жана Католик Изабелдин (Испаниянын канышасы Изабел 1) айкелдерин алып салууну жактырды. АКШда Африка тектүү Жорж Флойддун зордук-зомбулук менен өлтүрүлүшүнө байланыштуу нааразылык акциялары менен  бирге өлкөнүн колониялык тарыхы жана символдорго каршылык жаралган болчу.

Телесур, Венесуэла: Венесуэлада Ковид-19ду жуктургандардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу карантин күчөтүлөт деп жарыяланган.

Spiegel Online: Facebook нацисттик символдуу (АКШ президенти Дональд)Трамп жарнамасын алып салды.

Deutsche Welle: Германия Түркиядан алынган Ковид-19 отчетторун кабыл алат.

Süddeutsche Zeitung: Германиянын канцлери Ангела Меркель 1-июлда баштала турган Германиянын ЕБ Кеңешинин төрагалыгында экология жана санариптештирүү маселелерине, айрыкча корона кризисинин кесепеттерине артыкчылык берет деп жарыялады.

ТАСС: Россиянын Вашингтондогу элчилиги, АКШнын эл өкүлдөрүн "орус коркунучу" менен коркутууну токтотууга чакырды.

РИА Новости: Россиянын армиясында жаңы Верба көчмө зениттик-ракеталык системага ээ болот.

Известия: Европа комиссиясы, Украинага жарандык коомду өнүктүрүү үчүн 12,5 миллион евро которот.

КТРК: 2020-жылдын 19-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 132 учур катталды.



Тектеш кабарлар