Дүйнөлүк басма сөз 10.06.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Le Soir: Коронавирус: Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун (ДСУ) маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө кырдаал начарлап баратат.
France 24: Франциянын борбору Париждеги (коронавирус чара көрүүлөрүнүн алкагында жабылган) Эйфел мунарасы 25-июнда зыяратчылар үчүн ачылат.
Le Monde: АКШда (полиция зомбулугунан каза болгон) Жорж Флойд жерге берилди. Президент Дональд Трамптан бир дагы билдирүү айтылган жок.
Al Quds Al Arabi: Израилдин Жогорку соту Палестинанын жеке жерлерин басып алуу чечимин "конституцияга туура келбейт" деп тапты.
Al-Dustour (Иордания): Коронавирус: Палестинада арасында балдар дагы болгон 7 жаңы учур катталды.
Al-Raya (Катар): Катар, жикчил террордук уюм ПККнын Ванда жарандык автобусту бутага алган кол салуусун катуу айыптады жана (Түркияга) көңүл айтты.
Deutsche Welle: Жашылдар партиясы Германиянын конституциясындагы "раса" сөзүн алып салууну талап кылды.
Börsen-Zeitung: Греция менен Италия Жер Ортолук деңизде өзгөчө экономикалык аймак түзүүгө макул болушту.
Clarín, Аргентина: Пан Американын Саламаттык сактоо уюму июнь айы Латын Америка үчүн Ковид-19 менен күрөшүүдө орчундуу ай болот деп эскертти.
La Vanguardia, Испания: Испанияда "Жаңы нормалдашуу" жөнүндө жарлык социалдык аралыкты 1,5 метрге чейин кыскартты.
RİA Novosti агенттиги: (Президенттик Сарай) Кремлдин басма сөз катчысы (Дмитрий) Песков Россияда коронавируска байланыштуу статистикалар төмөн көрсөтүлүүдө деген айтымдарды төгүнгө чыгарды.
Известия гезити: Орусиялык сенатор Алексей Пушков, Россияны душман өлкө катары кабыл алууну көздөп жаткан Румыниянын, АКШнын Россия жөнүндөгү жалган тезистерин кайталаганын айтты.
TASS агенттиги: Россия пандемия кризисинен кийин тез аранын ичинде калыбына келе турган 5 өлкөнүн бири катары көрсөтүлдү.
КТРК: Коронавирус: 89 бейтап айыгып чыкты - Кыргызстан жаңылыктары.