Дүйнөлүк басма сөз 27.05.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Al Quds Al Arabi: Париж: Батыш Шерианын кайсы бир бөлүгүнүн аннексияланышы "жоопсуз калбайт"
Al Quds Al Arabi: Ливиянын Улуттук Ынтымак өкмөтүнүн армиясы Бириккен Араб Эмираттарына таандык бронетехниканы талкалап, Хафтердин аскердик унааларын колго түшүрдү.
Al Jazeera: Ливияда Россиянын согуштук учактары пайда болгондон кийин АКШ Сирия тажрыйбасынын кайталанышына каршы эскертти.
Le Parisien: Коронавирус: 15000 француздун өлкөгө кайтып келишин камсыз кылуу үчүн Париж Магреб өлкөлөрү менен рейстерди көбөйтөт.
Le Figaro: (Франциянын статистикалык агенттиги) Инсинин айтымында (Франциянын ички дүң өнүмү болжол менен 20% га төмөндөшү мүмкүн)
Tagesschau: Германиянын эң ири авиакомпаниясы Люфтганзага карата 9 миллиард евролук куткаруу пакети.
Die Nachrichten: Германиянын парламенти Европанын 31 өлкөсүнө карата саякат эскертүүсүн алып салуу чечимин кийинкиге калтырды.
El País (Испания): Ковид-19дун себебинен жабыркаган органдарды дарылоо үчүн ооруканаларда бөлүмдөр ачылат.
La Jornada (Мексика): Бразилия күнүмдүк Ковид-19 бейтаптарынын саны боюнча АКШдан ашып кетти.
La Tercera (Чили): Вашингтон университетинин изилдөөсүнө караганда, Чилиде Ковид-19дан каза тапкандардын саны августтун башында 11 миң 970ке жетиши мүмкүн.
TASS : Россия Федерациясындагы Чувашиянын экс-президенти кызматтан алынышына каршы болуп, Россиянын Жогорку сотуна кайрылды.
RİA Novosti: Жамаатты үйлөрдөн чыгып чиркөөлөргө барууга чакырган Россиянын Урал облусундагы бир кечилге сыйынуу иш-чарасын уюштурууга тыюу салынды.
Известия: Москвадагы Внуково аэропортунда Covid-19 чектөөсүн акырындык менен алып салуу башталды.
КТРК: Кыргызстан: СOVID-19 инфекциясынын жаңы 52 учур катталды.