Дүйнөлүк басма сөз 8.04.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Deutsche Welle: Роберт Кох институту: Коронавирусту жуктургандардын саны азайганына карабастан каза тапкандардын саны көбөйөт.
ZDF: Германияда 2019-жылы ашкере оңчулдардын кол салуусу күч алды.
ARD: Доминик Рааб Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун ордуна келет.
Le Monde : Коронавирус: Францияда каза тапкандардын саны 10 миңден ашты. Чара көрүүлөр күчөтүлдү.
Le Figaro : Коронавирус: Акыркы 24 саатта 2 миң киши көз жумган АКШда пандемиянын бир күндүн ичиндеги эң оор көрсөткүчү болду.
Le Soir (Бельгия) : Твиттердин негиздөөчүсү коронавируска каршы күрөш үчүн 1 миллиард доллар берет.
Al Quds Al Arabi : АКШнын Нью-Жерси штаты, коронавирустун себебинен каза тапкандардын санынын көбөйүү ыктымалдуулуна даярдык катары 1980 сөөктү ташый турган 20 даана муздаткыч (контейнер) унаа алып келет.
Al Quds Al Arabi (араб-британ): Орусия июнда коронага каршы клиникалык эмдөө эксперименттерин өткөрүүнү пландаштырууда.
El Pais: (Испания): Испаниянын Саламаттык сактоо министрлиги: Испанияда коронадан таасирленгендердин 90 пайызынан көбү азырынча каттала элек.
TeleSur: (Венесуэла): Кытай Мексикага пандемияга каршы күрөш үчүн медициналык жардам учагын жөнөттү.
RİA Novosti: Орус жарандарын АКЩдан эвакуациялаган учак Нью-Йорктон Москвага кайтты.
Russia Today : Путин адистер менен карантин бою эс алуу күндөрүнүн санын азайтуу ыктымалдуулугун сүйлөштү.
КТРК: 2020-жылдын 8-апрелине карата COVID-19 вирусун жуктурган 42 жаӊы учур катталды. Алардын ичинен 16 эркек жана 26 аял. Жаӊы катталган 42 учурдун ичинен 13ү медицина кызматкерлери.