Дүйнөлүк басма сөз 7.04.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Bild: Реанимацияга которулган Англиянын премьер-министри Борис Жонсонго төрт литр кычкылтек берилди.
Deutsche Welle: Германияда пандемияга каршы чара көрүүлөр 19-апрелге чейин уланат.
Spiegel: Францияда Корона-кризиси: 1945-жылдан берки эң чоң сыноо.
Al Quds Al Arabi: БУУнун Коопсуздук кеңеши коронавируска байланыштуу биринчи жыйынын бейшемби күнү өткөрөт.
Al Sharq Al Awsat: Палестина жетекчилиги коронавирустан таасирленген аймактарды изоляция кылууда.
Al Jazeera: Идлиб: сириялык 73 миң бозгун Идлибге кайтууда.
La Vanguardia (Испания): Испанияда коронавирусту жуктуруп алгандардын санындагы өсүү үч аптанын ичинде 22 пайыздан 3 пайызга азайды.
Infobae (Аргентина): Аргентинанын президенти Иван Дуке Колумбиядагы карантинди 27-апрелге чейин узартты.
Prensa Latina (Куба): Немис эл өкүлдөрү качкындардын кабыл алынышына карата иш-аракетти кайрадан жандандырууда.
Lenta.ru: Орусияда коронавируска чалдыккандарды аныктоочу тест сыноолору башталды.
TASS: Орусия жарандардын чет өлкөдөн кайтууларын камсыздай турган учак каттамдарын кайрадан баштады.
RİA Novosti: Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги, Ковид-19 жуккан жаштардын санындагы өсүүнүн себебинин, изоляция чара көрүүлөрүнө баш ийбегендери жана пикниктерге баруулары экенин билдирди.
Le Parisien: Француздар карантинде акылдуу телефондорго мурдагысынан дагы көп көз каранды болушту.
КТРК: Дүйнөлүк банк Кыргызстанга COVID-19 вирусу менен күрөшкө 12 млн. доллар бөлөт.