Дүйнөлүк басма сөз 31.03.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Al Sharq Al Awsat: Коронавирус коркунучунун жайылышы менен дүйнөлүк тынчсыздануу артууда.
Le Monde : Францияда ооруканаларда Ковид-19дан каза тапкандардын саны 3 миңден ашты.
Le Figaro : Коронавирус: Миллиондогон АКШлык ден-соолуктары менен бюджеттеринин ортосунда тандоо кылууга аргасыз.
El Pais: (Испания): Испанияда Ковид-19дун себебинен каза тапкандардын саны 7 миң 368ге, вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 85 миңге жетти.
TeleSur: (Венесуэла): Италияда 101 жаштагы эркек киши Ковид-19ду жеңди жана оору менен күрөшкөндөр үчүн үмүт болду.
Deutsche Welle: Италияда пандемия алдыдагы күндөрдө туу чокуга чыгышы мүмкүн.
T-Online: Германиянын коронавирус көрсөткүчү: 570 ада көз жумду, 65 миңден ашуун адам вирусту жуктурду.
Der Spiegel: АКШда коронавирусту жуктургандардын саны Кытайдыкынан эки эсе көбөйдү.
TASS: Роспотребнадзордун илимпоздору, диагнозду жогорку тактык менен жүргүзүүгө мүмкүндүк берген коронавирустун диагностикалык тесттин иштеп чыгышты.
RİA Novosti: АКШнын президенти Дональд Трамп, Орусиянын АКШга медициналык буюмдарды ташыган учак жөнөткөндүгүн айтты.
Lenta.ru: Москвада коронавирусту оор өткөрүп жаткан 40 жашка чейинки бейтаптардын саны 15 пайыз деп билдирилди.
КТРК: 2020-жылдын 31-мартына карата Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 13 жаӊы учуру катталды.