Дүйнөлүк басма сөз 11.02.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Le Figaro (Франция): Президент Эммануэль Макрон майыптардын жашоосун жеңилдетүүнү каалап жатат.
France 24 (Франция): Айрым француз министрлер токойсуздаштыруу долбоорлорун каржалагандыгы боюнча айыпталууда.
Al-Raya Al-Katariya (Катар): Сирия режиминин кол салууларынан 5 түрк аскеринин шейит болушуна Түркия катуу каршылык көрсөттү.
Alsharq Alawsat (сауд-британ): Бириккен Араб Эмирликтеринде дагы бир кишиде коронавирус аныкталып, вирусту жуктурган бейтаптардын саны 8ге жетти.
VATAN (Оман): Бириккен Араб Эмирликтери Катар менен почта кызматтарын кайрадан баштады.
El Tiempo, Колумбия: Боливиянын мурунку президенти Эво Моралес ден-соолугуна байланыштуу Кубага барат.
Spiegel Online: Кытайда коронавирустан каза тапкандардын саны бир миң кишиден ашты.
Deutsche Welle: Германияда 2019-жылы мусулман мекемелери жана өкүлчүлүктөрү 184 жолу кол салууга дуушар болушту.
Zeit Online: Түркия Идлиб кол салуусунан кийин Сириянын режим күчтөрүнө жооп кайтарды.
RİA Novosti: Түркия Сирияда Орусия менен биргелешкен күзөткө катышкан жок.
‘Известия’ : АКШнын чалгындоо стратегиясында (2020-2022) сунушталган коркунучтар тизмесинде Орусия менен Кытай биринчи орунда турат.
TASS: Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова: «Япониянын карантинге алынган кемеге карата чара көрүүлөрү күмөн санатууда».
КТРК: Кыргызстан Казакстанга ар дайым колдоосун улантат.