Дүйнөлүк басма сөз 12.11.2019
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Эль Тьемпо (Колумбия): Боливиянын президенттик кызматынан кеткен Эво Моралес Мексиканын башпанек сунушун кабыл алганын билдирген.
«Аль Шарк Аль Авсат»: Трамптын: «Вашингтон Багдадинин мураскерине байкоо салып жатат» дегенин жазган.
Аль-Рая Аль-Катария: Ирактагы абалга байланыштуу Вашингтон эрте шайлоо өткөрүүгө чакырганын кабарлаган.
Spiegel: Мексиканын аба күчтөрүнө таандык бир учак Боливиянын президенти Эво Моралести Мексикага алып барганын, бирок президент кайра кайтаарын убада кылганын маалымдаган.
ARD каналынын сайты: АКШнын президенти Трамп АКШ басма сөзүнө караганда Европадан импорттоло турчу авто унааларга кошумча салык киргизүү чечимин жылдырганын билдирген.
Le Parisien: Францияда кечээ катуу жер титирөө катталганын кабарлаган.
Le Soir: Бельгиянын темир жолдору, айдоочусуз поезддерди сынай турганын маалымдаган.
ТАСС агенттиги: Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаев, Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийге жолугушууларын сунуштаганын билдирген.
РИА Новости: Түркиянын президент Режеп Таййип Эрдоган 12-13-ноябрдагы АКШга сапары убагында Трамп менен жолугуп, С-400 жана Патриот абадан коргонуу системаларынын сатып алынышын сүйлөшө турганын жазган.
КТРКнын сайты: 28-ноябрда Кыргызстанга Жамааттык коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн президенттери келе турганын билдирген.