Дүйнөлүк басма сөз 7.11.2019
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
«Аль-Шарк Аль-Авсат» (сауд-британ): Израилдик бир кызматкердин айтымына караганда, Сирияда айрым жерлерди басып алган террордук уюм ЙПГ/ПКК, премьер-министр Беньямин Нетаньяхунун жардам сунушун кабыл алгандарын айтканын билдирген.
«Аль Рая Аль Катария» (Катар): Багдадда көпүрөдө атышуулар болуп көп сандаган адамдын көз жумганын жазган.
Deutsche Welle: «Эрдоган чечимин чыгарды, АКШга бармай болду» деп маалымдаган.
Welt: Немис өкмөтү дүкөндөрдөгү желим баштыктарга тыюу салып жатканын кабарлаган.
Тагесшау: 48 сааттык иш таштоо-Германиянын Люфтганза аба жолдору бейшемби жана жума күндөрү үчүн 1300 рейсин токтотконун билдирген.
Obzor.press: Кремль Путиндин Бразилиянын президенти менен жолугушуусу мүмкүн экенин кабарлаганын жазган.
Gazetem.ru сайты: Путин Орусиянын курал системаларынын кызматын түшүндүрүп бергендигин маалымдаган.
TürkRus сайты: Орусия НАСА үчүн жаңы космостук кеме куруп жатканын билдирген.
Эль Мундо (Испания): Эрдогандын Аль-Багдадинин аялынын түрк коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалгандыгын билдиргенин жазган.
Ле Монд: Париждин түндүк-чыгышында качкындар жашаган эки аймактын бошотулуп жатканын кабарлаган.
КТРК: Үркүн окуясы терең изилденип бүткөнүн билдирген.