Дүйнөлүк басма сөз 23.09.2019
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
«Ал-Шарк Аль-Авсат» гезити: АКШнын президенти Трамп: «БУУда ирандык жетекчилер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү планыбыз жок» дегенин жазган.
«Аль-Рая Аль Катария»: БУУ "Газадагы адамзаттык абал дагы да начарлашы мүмкүн" деп эскерткенин билдирген.
«Аль-Ватан» (Оман): Омандын тышкы иштер министри Бин Алеви Нью-Йоркто ирандык кесиптеши Зариф менен жолукканын маалымдаган.
Эль Паис (Испания): Испания, Англиядан бирдей мамиле көрбөсө, өлкөдө жашаган англиялыктардын укуктарын жое турганын жазган.
Infobae (Аргентина): Тропикалык шамал «Карен» Кариб аралдарына таасирин тийгизгенин кабарлаган.
Хандесблатт: Түркия качкындар келишиминде каалаган өзгөртүүлөргө жетишкенин билдирген.
«Bild» гезити: Британиядагы саякат гиганты Thomas Cook банкрот болгонун маалымдаган.
Deutsche Welle: БУУ акыркы беш жылдын эң ысык мезгил болгонун билдиргенин жазган.
Le Parisien: Thomas Cook агенттигинин банкрот болушунун себебинен 600 миң туристтин өлкөсүнө кайтуу, 22 миң кишинин жумушсуз калуу коркунучунда экенин кабарлаган.
Le Figaro: Франциянын тышкы иштер министри Ли Дриан, Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы чыңалууну БУУда азайтууну каалап жатканын билдирген.
РИА Новости агенттиги: «Орусияда 2020-жылы мамлекеттик башкаруу тармагында реформа ишке ашырылат: мамлекеттик кызматкерлердин саны азайтылып, калгандарынын эмгек акылары көбөйтүлөт» деп маалымдаган.
«Известия» гезити: Америкалык генерал Бен Ходжес, НАТОнун Кара деңиздеги машыгууларына Орусия тоскоол болду деп арызданып жатканын жазган.
Lenta.ru сайты: Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу, Киев менен Москванын жакшы коңшулар катары ынтымактуу жашай турганына ишенгенин билдирген.
КТРК: Чыңгыз Айдарбеков Нью-Йорк шаарында өткөн “С5+1” жолугушуусуна катышканын билдирген.