Дүйнөлүк басма сөз 14.05.2019
Дүйнөлүк басма сөздөгү кыскача маалыматтар.
«Zeit» гезити: Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас АКШны Иран темасында эскерткенин жазган.
«Welt» гезити: «Германияда провинциялар, мечит салыгын сүйлөшүүгө даяр» деген теманы койгон.
ZDF каналынын сайты: Немис химия гиганты Bayer, АКШда уланган глифосат доосунда дагы бир жолу утулганын кабарлаган.
Сауд-британ «Альшарк Алавсат» гезити: Израиль Иран кризисине байланыштуу тынчсызданып жатканын маалымдаган.
Чилидеги «La Tercera» гезити: АКШ полициясы, Венесуэланын Вашингтондогу элчилигин бошотуу үчүн операция жүргүзгөнүн билдирген.
«El Mundo» гезити: Испаниянын тышкы иштер министри Хосеп Боррелл, Хуан Гуайдо менен венесуэлалык оппозициячыл лидер Леопольдо Лопестин Каракастагы жолугушуусун «ар дайым болуп жүргөндөй эле жолугушуу» деп сыпаттаганын жазган.
«Clarín» (Аргентина) гезити: Аргентинадагы поезд станциясына 60 күндүн ичинде 30 бомба коркунучу болгонун кабарлаган.
Тасс маалымат агенттиги: Орусиянын деңиздин астында сүзүп жүрүүчү «Посейдон» кемеси 2020-жылы сууга түшүрүлө турганын маалымдаган.
Rambler сайты: АКШда басылып чыккан «National Interest» атуу саясий жана аскердик журнал, Орусия менен АКШнын ортосунда макулдашуу ыкмасын сунуштаганын кабарлаган.
РИА Новости: Орусиянын президенти Владимир Путин түрк кесиптеши Режеп Таййип Эрдоган менен кечээ кечинде телефон аркылуу сүйлөшкөнүн маалымдаган.
«Le Parisien» (Франция) гезити: Буркина Фасодо каза болгон аскерлер үчүн улуттук эскерүү аземи өткөрүлгөнүн жазган.
КТРКнын сайты: Румыния Кыргызстан менен экономикалык тармакта кызматташууга кызыкдар экенин билдирген.