Дүйнөлүк басма сөз 21.03.2019
Дүйнөлүк басма сөздөгү маалыматтар.
Сауд-британ «Альшарк Алавсат» гезити: Израилдин Бириккен Араб Эмирликтеринин жана саудиялык командирлерди машыктырып жатканын билдирген.
Катардагы «Аль Рая Аль Катария» гезити: «Сауд Арабия, чет өлкөдөгү сауд студенттерге жашыруун байкоо салып жатканын маалымдаган.
Венесуэлада басылып чыккан «Telesur» гезити: Венесуэланын президенти Николас Мадуро, Америка өкмөтүнүн Венесуэланын 5 миллиард долларын бербей кармап турганын айтканын жазган.
Перудагы «El Comercio» гезити: Николас Мадуро, Орусиянын келээрки жумада өздөрүнө дары-дармек жардамын жөнөтө турганын билдиргенин маалымдаган.
Zeit Online: «Крайстчерч кол салуусу-Жаңы Зеландия автоматтык курал-жарактарга тыюу салды» деген теманы койгон.
«Le Monde» гезити: «Брексит: Брюссель менен Лондон эми коркунучтуу оюн ойноп жатат» деп билдирген.
Риа Новости агенттиги: Орусия менен Кытай Амур дарыясынын үстүнөн өткөн темир жол көпүрөсүнүн бөлүктөрүн бириктиргендерин маалымдаган.
Орусиядагы «AİF» гезити: Украинанын Газ ишканасы Навфтогаздын жетекчиси, Орусиянын Газпром компаниясынын 2020-жылдан тарта Украина аркылуу газ өткөрүүнү токтото турганын билдиргенин жазган.
Lenta.ru сайты: «Украина жүздөгөн Орусия жаранына карата санкция киргизүүнү чечти» деген теманы койгон.
Ал эми КТРКнын сайты: Нооруз майрамына карата майрамдык иш-чаралар уюштурула турганын билдирген.