Дүйнөлүк басма сөз 20.03.2019
Дүйнөлүк басма сөздөгү маалыматтар.
Сауд-британ «Альшарк Алавсат» гезити: Орусиянын коргоо министринин Сирияга жасаган сапары убагында Дамаскка жакын жерде бир канча жарылуу болгонун билдирген.
Катардагы «Аль Рая Аль Катария» гезити: Бириккен Араб Эмирликтери акча адалдоо жанжалына бөгөт болуу үчүн Швейцариядагы банкын сатууну пландап жатканын маалымдаган.
DW: «Жаңы Зеландиядагы кыргындан кийин-Крайстчерч шаарындагы улутчулдук баардык жерде» деген теманы койгон.
«Tagesspiegel» гезити: «Түркиядан сунуш-Эрдоган менен Штайнмайер футболчу Өзилдин үйлөнүү тоюнда күбө болушсун» деп жазган.
Аргентинада басылып чыккан «El Clarin» гезити: БУУ менен Европа Биримдиги Аргентинадагы аялдарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу үчүн 600 миллион долларлык каражат бөлө турганын билдиргенин маалымдаган.
Тасс маалымат агенттиги: Казакстан парламентинин мурунку спикери Касым Жомарт Токаев ант берип, президенттик кызматка расмий киришкенин билдирген.
Риа Новости агенттиги: «Путин Челябинск губернаторунун кызматтан кетүү жөнүндөгү арызын кабыл алганын жазган.
Lenta.ru сайты: Орусиянын парламентинде Украинанын тышкы иштер министринин «Москва жаңы газ согушуна даярданууда» деген билдирүүсү «провокация» деп сыпатталганын маалымдаган.
«Le Figaro» гезити: «Айласы кеткен Тереза Мэй Брекситтин кечеңдетилишин каалайт» деп билдирген.
Ал эми КТРКнын сайты: «Дүйнөдө таза суу көйгөйү курч» деген теманы коюп, дүйнөдө эки миллиарддан ашык киши таза сууга жетпей келгенин жазган.