Дүйнөлүк басма сөз 19.03.2019
Дүйнөлүк басма сөздөгү негизги маалыматтар.
Катарда басылып чыккан «Аль Рая Аль Катария» гезити: Саудиялык ханзаада Бин Салмандын, оппозициячылдардын оозун жабуу үчүн ылдам чара көрүү командасын түзгөнүн билдирген.
Германиядагы ARD (tv): «БУУнун суу боюнча отчету: ар бир тамчы үчүн күрөш жүрүп жатат» деген теманы койгон.
«Франкфуртер альгемайне» гезити: «Систематикалык атаандаш: Европа Биримдиги Кытайга каршы башкача саясат ойлоп жатат» деп билдирген.
France 24: Нидерландиядагы куралдуу кол салуунун шектүүсү камакка алынганын жазган.
Le Parisien: «Сары кемселчендер: Күч колдонууга каршы чара көрүүлөр натыйжа береби?» деген теманы койгон.
Испаниядагы «El Pais» гезити: Испаниянын экономикасы акырындоого каршы күрөшүп жана Евро аймагына салыштырмалуу өсүүсүн арттырганын билдирген.
Орусиядагы Риа Новости агенттиги: Орусиянын Коргоо министрлиги, жаңы ракеталык кеме «Борейдин» сыноо ишинин видеосун жарыялаганын маалымдаган.
Lenta.ru сайты: «Орусия, Крымда Европанын ар бир жерин ата алгыдай түрдөгү куралдарын жайгаштырды» деп жазган.
«Известия» гезити: Орусиянын айрым аймактарында абанын температурасы апрель айында -30 градуска чейин төмөндөй турганын билдирген.
Ал эми КТРКнын сайты: «Быйылкы ажылык сапардын баасы кымбаттады. Дээрлик бардык кызматтарды кошкондо 3 миң америка долларга бааланды. Бул былтыркы ажылык акыдан 110 долларга көп экенин Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынынан маалымдашты» деп жазган.