Дүйнөлүк басма сөз 14.03.2019
Дүйнөлүк басма сөздөгү негизги маалыматтар.
Сауд-британ «Альшарк Алавсат» гезити: Шиит лидер Систани, Ирандын президенти менен жолукканын билдирген.
Бахрейнде басылып чыккан «Ахбар аль-Халидж» гезити: АКШ, Ирандын террорго каржылык колдоосуна каршы күрөшүү бөлүмүн түзүп жатканын жазган.
Германиядагы «Focus» журналы: Түркия Эфиопиядагы учак кырсыгынан кийин аба мейкиндигин «Боинг МАХ 8» үлгүсүндөгү учактарга жапканын билдирген.
РИА Новости агенттиги: Американын аскердик учагы, Ачык асман келишиминин алкагында Орусиянын жерлеринин үстүнөн байкоо учуусун ишке ашырганын маалымдаган.
«Известия» гезити: Орусияда "Боинг 737 МАХ" үлгүсүндөгү баардык учактардын учуусу убактылуу токтотулганын билдирген.
ТАСС маалымат агенттиги: Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун орус тилин орто деңгээлде үйрөнгөнүн, ал эмес Путин менен тамашалаша алгыдай түрдө сүйлөшө алам дегенин жазган.
Франциядагы «Libération» гезити: «Бангладеш миңдеген Рохингия качкындарын ээн аралга жайгаштырат» деген теманы койгон.
«Le Figaro» гезити: «Макрон Франциянын Эфиопия менен жакын мамиледе болуусун каалайт» деп жазган.
Испанияда басылып чыккан «El País» гезити: Барселона дагы бир жолу Мессинин голу менен Чемпиондор Лигасында чейрек финалга чыкканын билдирген.
Ал эми КТРКнын сайты: Президент Сооронбай Жээнбеков элчилердин ишине талап күчөй турганын, алыста жүргөн мекендештердин укуктарын талаптагыдай коргоп, өлкөгө инвестиция тартууну тапшырганын жазган.