Дүйнөлүк басма сөз 6.03.2019
Дүйнөлүк басма сөздөгү маалыматтардын башкы темалары.
Сауд-британ «Альшарк Алавсат» гезити: Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмирликтери жана Йемен Коопсуздук кеңешинен хусийлерге кысым көрсөтүлүшүн талап кылганын билдирген.
Катардагы «Аль Рая Аль Катария» гезити: Катар-Австрия саммитинде Булуң аймактарындагы акыркы абал жана эки тараптуу карым-катнаштардын каралганын маалымдаган.
Германиядагы DW: «Трансатлантикалык карым-катнаштар-Германия менен АКШ бирдей санаркоолор менен жолукту» деген теманы койгон.
Францияда басылып чыккан «Liberation» гезити: АКШ Алжирден митинг өткөрүү укугуна урмат сый көрсөтүүсүн талап кылганын жазган.
РИА Новости агенттиги: Түштүк Кореяда орусиялык беш деңизчи абак жазасына тартылганын билдирген.
ТАСС агенттиги: Орусиялыктардын үнөмдөөсү февраль айында өткөн айга салыштырмалуу 2,4 пайыз азайганын маалымдаган.
Lenta.ru маалымат сайты: «Орусиядагы Венесуэланын акчаларынын келечеги белгилүү болду. Баардык эсептер АКШнын санкция тизмесинде орун алган Российская Финансовая Корпорация банкына чогулат» деп жазган.
Ал эми КТРКнын сайты: Жакында Шарджа - Бишкек - Шарджа каттамы ишке кирээрин билдирген.