Дүйнөлүк басма сөз 5.03.2019

Дүйнөлүк басма сөздөгү маанилүү кабарлардын башкы темалары.

1157133
Дүйнөлүк басма сөз 5.03.2019

 

Сауд-британ «Альшарк Алавсат» гезити: АКШ Кудстагы консулдугун жаап, элчилик менен бириктиргенин маалымдаган.

Германиядагы DW: «Макрон Европа Биримдиги реформасы үчүн иш планында көөшөрүп жатат» деген теманы койгон.

Spiegel Online: Кытайдын экономикасы акырындык менен өсүп, аскердик чыгымдары кескин артканын билдирген.

Францияда басылып чыккан «Le Monde» гезити: «Макрон кайрадан Европа Биримдиги самаган лидер болгусу келет» деп жазган.

«Libération» гезити: Венесуэлада Хуан Гуайдо өлкөсүнө кайтты, Николас Мадуро даярдыксыз эле» деген теманы койгон.

Испаниядагы «El País» гезити: Гуайдо Венесуэлага кайтып барып Макронго болгон кысымды кайрадан күчөтүп жатканын билдирген.

ТАСС маалымат агенттиги: АКШнын Мамлекеттик департаменти: АКШ Орусия менен курал-жарактарды көзөмөлдөө боюнча сүйлөшүүлөргө даяр экенин, бирок белгилүү шарттардын негизинде жүргүзүлө турганын билдиргенин жазган.

РИА Новости агенттиги: Орусия өз IP даректерине АКШдан 3 миллион кибердик чабуул коюлганын аныктаганын билдирген.

«Известия» гезити: Тарыхта экинчи жолу бир адам СПИДге себеп болгон ВИЧ вирусунан толугу менен кутулганын маалымдаган.

Ал эми КТРКнын сайты: Бүгүн Кыргызстанда "Ак калпак" күнү белгиленип жатканын жазган.



Тектеш кабарлар