Дүйнөлүк басма сөз 4.03.2019

Дүйнөлүк басма сөздөгү маанилүү кабарлардын башкы темалары.

1156297
Дүйнөлүк басма сөз 4.03.2019

 

Бахрейнде басылып чыккан «Ахбар аль-Халиж» гезити: Аль-Азхар шейхи: Көп аялдуулук аялдарга карата акыйкатсыздык болуп саналат дегенин жазган.

Катардагы «Аль Рая Аль Катария» гезити: Булуң аймагынын коопсуздугу, Орусия-Катар сүйлөшүүлөрүнүн негизги темасы экенин билдирген.

DW: Венесуэлада Гуайдо Мадурого каршы элди өлкөнүн жалпысында нааразылык акция өткөрүүгө чакырганын маалымдаган.

Euronews: Кипрде кеминде 200 милилиард куб метрдик газ табылганын билдирген.

Spiegel Online: «Германиялык экспортчулар үчүн коркунуч-Кытайдын өсүүсү аяктап баратат» деген теманы койгон.

Мексикада басылып чыккан «El Universal» гезити: АКШнын Алабама штатындагы куюн 14 кишинин өмүрүн алганын жазган.

Орусиядагы Lenta.ru маалымат сайты: Украина, жакында газ өткөрүүдө транзиттик өлкө болуу өзгөчөлүгүн жогото турганы боюнча эскерткенин билдирген.

ТАСС маалымат агенттиги: Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШ тарабынан даярдалган Жакынкы Чыгыш маселесин чечүүгө карата «кылымдын келишимине» сереп салып: «Палестиналыктар бул келишимди кабыл албашы мүмкүн» деп айтканын жазган.  

«Известия» гезити: Германиянын коргоо министри Кытайдын ракеталары Орусия үчүн коркунуч жаратканын ойлогонун маалымдаган.

Ал эми КТРКнын сайты: «Россия Кыргызстанга битум менен күйүүчү майларды салыксыз жеткире баштайт» деп билдирген.



Тектеш кабарлар