Дүйнөлүк басма сөз 1.03.2019
Дүйнөлүк басма сөздөгү маанилүү кабарлардын башкы темалары.
El País (Испания): Испания, Улуу Британия Европа Биримдигинен күтүлбөгөн жерден чыгып кетсе 400.000 британ жаранына жашап турууга уруксат берүүнү пландап жатат.
El Nacional (Венесуэла): АКШнын Венесуэлада жаңы шайлоо чакырыгын камтыган токтом долбоору БУУнун Башкы Ассамблеясында Орусия менен Кытай тарабынан вето кылынды.
El Universal (Венесуэла): Бразилияда жүргөн Хуан Гуайдо коркутууларга карабастан ушул жуманын аягында өлкөсүнө кайтаарын билдирди.
Alsharq Alawsat (Сауд-Британ): Вашингтон Хамза Бин Ладинди кармап бергенге 1 миллион доллар сыйлык берет.
Alsharq Alawsat (Сауд-Британ): БУУ Израилди Газада согуштук кылмыш кылганы менен күнөөлөп жатат.
DW: Терроризм-АКШ Усама бин Ладиндин уулунун кармалышы үчүн акчалай сыйлык берет.
Merkur.de: Трамптын күйөө баласы Кушнер Эрдоган менен жолукту.
TASS: Орусия менен Кытай, АКШнын БУУнун Коопсуздук кеңешине сунуштаган Венесуэла долбоорун вето кылды.
РИА Новости: АКШнын аскердик учагы Орусиянын үстүнөн өттү.
Известия: Орусиянын армиясы жакынкы мезгилде С-500 абадан коргонуу системасына ээ болот.
КТРК: Кыргызстан ат минип сейилдегенге ылайыктуу мыкты өлкөлөрдүн тизмесинде.