Дүйнөлүк басма сөз 28.02.2019

Дүйнөлүк басма сөздөгү маанилүү кабарлардын башкы темалары.

1154191
Дүйнөлүк басма сөз 28.02.2019

 

Сауд-британ «Альшарк Алавсат» гезити: «Египеттин баш калаасындагы поезд станциясында өрт чыкты. 20 киши каза болуп, 20 киши жаракат алды...Транспорт министри кызматтан кетти» деген теманы койгон.

Ливанда басылып чыккан «Эль Хаят» гезити: Израилдин премьер-министри Нетаньяху Иранды бутага алууга чечкиндүү экенин билдирген.

Германиядагы «Welt» гезити: «2019-жылдагы саякат тренддери-германиялык туристтердин Түркияга болгон кызыгуусу күтүлбөгөн жерден өсө баштады» деп жазган.

Merkur.de сайты: Трамптын күйөө баласы Кушнер Жакынкы Чыгыш тынчтык планын сүйлөшүү үчүн Эрдоган менен жолугушканын маалымдаган.

Чилидеги «La Tercera» сайты: «Чилинин президенти Пиньера, Хаун Гуайдо менен жакын мамиле курууда. Чилиде өтө турган Prosur саммитине чакырды» деген теманы койгон.

Венесуэладагы «Ultimas Noticias» гезити: Николас Мадуро, Венесуэла элинин 92 пайызынын АКШнын аскердик кийлигишүү коркутуусуна каршы чыкканын айтканын жазган.

ТАСС маалымат агенттиги: Орусия Венесуэлага байланыштуу токтом долбоорун БУУнун Коопсуздук кеңешине сунуштаганын билдирген.

РИА Новости агенттиги: Орусия менен Израиль, чет өлкөлүк күчтөрдүн Сириядан чыгуулары үчүн иш алып баруу тобун түзө тургандарын маалымдаган.

«Известиция» гезити: Орусия 2020-жылдын аяктарында атомдук станциялуу эки аскердик кеме курууну пландап жатканын билдирген.

«Le Parisien»: «Европа Биримдиги тышкы кийлигишүүлөргө каршы күчсүз абалда» деген теманы койгон.

Ал эми КТРКнын сайты: Сауд Аравияда өтүүчү "Көчмөндөр ааламы" этнофестивалына катышууга жаныбарлар жиберилгенин билдирген.

 



Тектеш кабарлар