Дүйнөлүк басма сөз 27.02.2019

Дүйнөлүк басма сөздөгү маанилүү кабарлардын башкы темалары.

1153414
Дүйнөлүк басма сөз 27.02.2019

 

Сауд-британ «Альшарк Алавсат» гезити: «Жүздөгөн сириялык ДЕАШтын көзөмөлүндөгү акыркы аймактан чыкты... Бейтарап аймакта кагылышуулар болду» деген теманы койгон.

Бириккен Араб Эмирликтериндеги «Эль-Эмарат Эль-Яум» гезити: Жевад Зариф Ирандын төңкөрүшчүл гвардиясынын кысымдарынын негизинде кызматтан кеткенин билдирген.

Германиядагы DW: «Йеменде немис куралдары-Германияда чыгарылган куралдар Йеменде маанилүү роль ойноодо» деп жазган.

Spiegel Online: «Электр энергиясынын чыгымы-Керектөөчүлөр жыл сайын 9 миллиард евролук элект энергиясын ысырап кылууда» деген теманы койгон.

Испанияда басылып чыккан «El Mundo» гезити: Венесуэла БУУнун Коопсуздук кеңешинде, Европанын «жаңы шайлоо» талабын четке какканын билдирген.

«El País» гезити: «АКШ БУУнун коопсуздук кеңешинде Мадуронун тынчтыкчыл түрдө кызматтан кетүүсүн камсыздоо үчүн кысым көрсөтүүдө» деп жазган.

Франциядагы «Le Figaro» гезити: «Америка менен Европа Сирияны экономика менен уруп жатат» деген теманы койгон.

Швейцарияда басылып чыккан «Le Temps» гезити: 2018-жылы Швейцариянын курал-жарак экспорту 63 миллион франк өскөнүн маалымдаган.  

Орусиядагы «Интерфакс» агенттиги: Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров: «АКШнын Венесуэлага аскердик кийлигишүү үчүн шылтоо табуу аракеттерине Орусия байкоо салып жатат» дегенин жазган.

Lenta.ru маалымат агенттиги: Американын чалгындоо кызматынын Орусияга каршы биринчи кибердик чабуулун ишке ашырганы ачыкка чыкканын билдирген.

«Известия» гезити: Япония өкмөтү Орусиянын расмий делегациясынын Куриль аралдарына жасаган сапарына каршылык көрсөткөнүн жазган.

Ал эми КТРКнын сайты: Бишкекте “Кыргыз Республикасы: Аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалог” деп аталган конференция өз ишин баштаганын билдирген.



Тектеш кабарлар