Дүйнөлүк басма сөз 25.02.2019
Дүйнөлүк басма сөздөгү маалыматтардын башкы темалары.
Сауд-британ «Альшарк Алавсат» гезити: Шарм Эль Шейх саммитинде арабдар менен европалыктардын ортосунда диалог каналынын ачылганын билдирген.
Ливандагы «Эль Хаят» гезити: Москва Түркия менен Сириянын ортосундагы бейтарап аймакта орусиялык аскердик полициянын жайгаштырылышын сунуштаганын жазган.
Испанияда басылып чыккан «El Mundo» гезити: Хуан Гуайдо бүгүн Лима тобунун жыйынында Николас Мадурону аскердик кийлигишүү менен бийликтен кулатуу үчүн эл аралык жардам талап кылаарын маалымдаган.
Перудагы «Эль Комерсио» гезити: Мексикалык режиссер Альфонсо Куарондун «Рим» аттуу кинотасмасы менен 91-Оскар сыйлыктарында «Эң мыкты режиссер» сыйлыгын алганын билдирген.
DW: «Тарыхый саммит: Европа Биримдиги менен Араб лигасы бири-бирине жакын болууга аракет кылууда» деген теманы койгон.
«Франкфуртер Альгемайне» гезити: «Соода келишпестиги-Кытай Америка менен соодалашууну ойлоп жатат» деп жазган.
France 24 сайты: «Соода согушу: Трамп Кытайдан импорттолгон товарларга киргизилген кошумча салыктарды кечеңдетти» деген теманы койгон.
Орусияда басылып чыккан «Коммерсант» гезити: АКШ Орусия менен кибердик коопсуздук байланышын кайрадан ачууну каалап жатканын билдирген.
«Известия» гезити: Лавров, АКШнын Орусия менен Түндүк Корея туурасында кеңешүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтканын жазган.
Lenta.ru маалымат агенттиги: Орусиянын экономикасында чукул өсүү күтүлүп жатканын билдирген.
Ал эми КТРКнын сайты: Жаңы футбол стадионун курууга инвесторлор келе баштаганын жазып чыккан.