Дүйнөлүк басма сөз 8.02.2019
Дүйнөлүк басма сөздөгү маалыматтардын башкы темалары.
Сауд-британ «Альшарк Алавсат» гезити: АКШ армиясынын Израилден «Темир купол» сатып алууну пландап жатканын билдирген.
Англияда да басылып чыккан «Alquds Alrabi» гезити (күнүмдүк чыккан көз карандысыз араб тилиндеги гезит): «БУУ Сауд жооптуу кызматкерлердин Кашыкчы кылмышын пландап ишке ашыргандарын көрсөткөн далилдер бар экенин билдиргенин жазган.
Франциядагы «Le Figaro» гезити: Франция Италиянын чагымчылыктарына каршылык көрсөтүп жатканын билдирген.
Француз «Le Monde» гезити: «Сары жилетчендер: Жаңы элдик блок түзүү перспективасы саясатчылардын тынчын алууда»,-деп жазган.
Швейцариядагы: «Le Temps» гезити: Франция менен Италиянын тирешип жатканын билдирген.
Испанияда басылып чыккан «El País» гезити: «Мадуронун жактоочулары көчөлөргө чыгууну жана ага колдоосун аягына чейин уланта тургандарын айткандарын жазган.
Германиядагы «Bild» гезити: Германиянын Рейнланд-Пфальц провинциясында чыккан өрттөн 5 кишинин каза болгонун билдирген.
T-online: «Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер, коркуткан сөздөр жазылган каттарды алган түрк адвокат Седа Йылдыз менен жолукту» деген теманы койгон.
Орусияда басылып чыккан «Коммерсант» гезити: «Түндүк агым-2 долбоору Европаны бөлдү» деп жазган.
Лента маалымат сайты: Скрипаль доосунда жаңы шектүүлөрдүн аныкталгандыгын маалымдаган.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын расмий сайты (КТРК): 8-февралда Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Кыргыз Республикасында биринчи инклюзивдик арт мейкиндигин түзүү боюнча долбоордун презентациясы өткөрүлө турганын билдирген.