Дүйнөлүк басма сөз 6.02.2019
Дүйнөлүк басма сөздөгү маалыматтардын башкы темалары.
Сауд-британ гезити «Альшарк Алавсат»: «АКШнын президенти Трамп Иранды радикалдуу системаны жана террорду колдогону үчүн сынга алууда»,-деп жазган.
Катардык «Аль-Рая Аль-Катария» гезити: Туугандык алакаларды бекемдөө максатында Катар-Кувейт саммити кечээ Кувейтте өткөрүлгөнүн билдирген.
Венесуэладагы TeleSUR каналы: Президент Мадуронун Венесуэлада согуш дагы, аскердик кийлигишүү дагы болбой турганын айтканын жазган.
Испаниядагы ABC гезити: Папа Франциск эгерде эки тарап тең кааласа Венесуэлада арачылык кылууга даяр экенин билдирген.
«Паризьен» гезити: Парижде бир турак жай 39 миллион еврого сатылып рекорд койгонун маалымдаган.
Орусиянын ТАСС маалымат агенттиги: «Греция «Түрк агымы» долбооруна кошулгусу келип жатат»,-деп жазган.
Вести маалымат агенттиги: Медведев Орусиянын Федералдык туризм агенттигинин төрагасын кызматтан алганын билдирген.
Ал эми Кыргызстандагы КТРК сайсы: “Манас” үчилтиги боюнча изилденген жаңы эмгектер жарык көргөнүн маалымдаган.