Дүйнөлүк басма сөз 4.02.2019
Дүйнөлүк басма сөздөгү маалыматтардын башкы темалары.
Бахрейндеги «Ахбар аль-Халиж» гезити: «Папа тарыхый сапар менен Бириккен Араб Эмирликтерине барды».
Сауд-британ гезити «Альшарк Алавсат»: «Иранга каршы макалаларды жазган ирактык жазуучуга кол салынышы коомчулук арасында чоң талкуу жаратты».
Катардык «Аль-Рая Аль-Катария» гезити: «Сауд Арабия, Жемал Кашыкчы кылмышына байланыштуу териштирүүнүн мөөнөтүн узартуу үчүн атайылап добушка салуу саясатын жүргүзүүдө».
Франциядагы «Фигаро» гезити: «Париждин өрт өчүрүүчү кызматкерлерине кол салуулар 60 пайыз өстү».
Ал эми «Паризьен» гезити: «Расмий түрдө жарыялана электе Макрон тарабынан көздөлгөн референдум азыртадан эле сынга алынууда».
«Монд» гезити: «Футболчу Эмилиано Саланы ташыган учак табылды».
ARD телеканалы: «Мадуро менен Эрдоган, АКШга каршы биримдиктүү болду. Себеби Мадуро 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен кийин Түркияга тилектештик көрсөткөн».
DW (Германиянын үнү): «Меркель Японияга барат. Канцлер Ангела Меркель шейшемби күнү император Акихито жана жубайы Мичико тарабынан кабыл алынат.
Орусиянын «Известия» гезити: «Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Москвада чыккан өрттөн 4 кишинин каза болгонун ырастады».
Орусиянын «Тасс» агенттиги: «Украинада президенттик шайлоо үчүн талапкерликке кайрылуу иштери аяктады. Талапкерлердин тизмеси эң кеч 9-февралда билдирилет».
Испаниядагы «Эль Паис» гезити: «Брюссель бүгүн бир канча Европа Биримдиги өлкөсүнүн Гуайдону таанышын күтүп жатат».
«Эль Мундо» гезити: «Бириккен Араб Эмирликтеринен бир компания Мадуродон 3 тонналык алтын сатып алат».
Ал эми Кыргызстандагы Коомдук телерадиоберүү корпорациясы КТРК сайты: «Кыргызстан-Россия эки тараптуу кызматташуусу жаңы, сапаттуу деңгээлге көтөрүлдү». Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекке расмий сапар менен келген Россия Федерациясынын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту.