Дүйнөлүк басма сөз 1.02.2019

Дүйнөлүк басма сөздөгү маалыматтар.

1136907
Дүйнөлүк басма сөз 1.02.2019

 

Alsharq Alawsat (Сауд-Англия): АКШнын президенти Дональд Трамп Кытай менен ири соода келишими түзүлөөрүн көздөп жатат.

El-Emarat El-Yaum (Бириккен Араб Эмирликтери): Израиль палестиналыктардын маселелерин жалган талкуулаган «Аль Мунасак» радиосун ачып палестиналыктарга тузак курууда.

Al Vatan (Кувейт): Түрк базар экономикасы Египет пиязын сатып алат.

Bild Gazetesi (Германия): 400 миң Volkswagen үлгүсүндөгү унаанын ээси, VW компаниясына тобу менен доо ачты. Доонун качан каралаары болсо азырынча белгисиз.

Frankfurter Allgemeine Zeitung (FAZ): Түркияга болуп көрбөгөндөй адам барды. Түркияда туризм 2018-жылы абдан ийгиликтүү өттү. Германиялыктар эс алуу үчүн кайрадан Түркияны тандашты.  

Deutsche Welle: Германияда жоолукка тыюу салуу доосу Европанын Акыйкат сотуна өткөрүлдү.

El País (Испания): АКШнын президенти Дональд Трамп Испания жана Европа Биримдигине Мадуро менен өткөрүшкөн баардык диалог каналдарын жабуу темасында кысым көрсөтүп жатат. Мадридге барган АКШ элчисинин, Хаун Гуайдо өзүн Венесуэлада убактылуу президент деп жарыялаар алдында Испания өкмөтүн эскерткендиги билдирилди.

Clarín (Аргентине): Мадуро өкмөтү Гуайдого карата кысымын күчөтүүдө, өкмөткө каршы митингдерге катышкан 936 киши камакка алынып 755 киши даге деле камакта. 11 журналист суракка алынса Хуан Гуайдонун үйүнө полиция жөнөтүлдү.

El Mundo (Испания): Испанын премьер-министри Педро Санчес Мексиканы Венеуэлага карата түзүлгөн Эл аралык байланыш тобуна кошулууга көндүрө алган жок. Мексикада президент Лопес Обрадор менен жолуккан Санчес берки Европа өлкөлөрү сыяктуу Гуайдого колдоо көрсөтүүсүн өтүнсө, Обрадор жалгыз гана тараптардын ортосунда арачылык кыла ала тургандарын айтты.

Le Soir (Белгия): АКШ атомдук келишимден чыгууга абдан жакын.

«Известия» гезити (Орусия): Гуайдо Венесуэлада бийликтин алмашуусу Орусия менен Кытайга пайда алып келээрин айтты.

Орусиянын «Лента» маалымат сайты: Газпромдун жетекчиси Миллердин Санк-Петербургда бир миллиард рублдик үйү бар экени маалым болду.



Тектеш кабарлар