Дүйнөлүк басма сөз 9. 08.2017

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар.

786733
Дүйнөлүк басма сөз 9. 08.2017

Азербайжан Тренд гезити «Премьер  - министр Йылдырым Жээнбеков менен жолугушту» деген маалыматында премьер  - министр Бинали Йылдырымдын Кыргызстандын премьер  - министри Сооронбай Жээнбеков менен Чанкая сарайында жолугушкандыгын билдирген. Жолугушууда Кыргызстандагы Фетуллахчы террордук уюм жана мамлекеттик параллель түзүмдүн эки өлкөнүн ортосундагы достукка көлөкө түшүрбөшү керектиги жана бул үчүн кыргыз мекемелеринин керектүү кызматташтыкты көрсөтүүсүнүн күтүлүп жаткандыгы баса белгиленди. Жолугушууда дос жана бир тууган эки өлкөнүн карым – катнаштарынын түрдүү  жактары жана аймактык абалдар каралды. Сүйлөшүүдө кыргыз тарабынын эки өлкөнүн ортосундагы достук жана бир туугандыкка зыян тийгизбеш үчүн колунан келгенди аткарары билдирилди.

АКШнын Turkish American Web порталынын «АКШдан террордук уюм ПКК/ПЙДге арскердик жардам улантууда» деген маалыматта АКШ Сирияда ПКК/ПЙД террордук уюмуна ДЕАШ менен күрөшүү деген негиз менен аскердик жардамдардын улантылып жаткандыгын жазган. 112 фура  Ракканын түндүгүндөгү террористтерге жиберилди. Конвойдо АКШ армиясы колдонгон жогорку жөндөмдүүлүктөгү оң өткөрбөс унаа, күйүүчү май ташыган танкерлер менен орточо чоңдуктагы унаалар көңүлдөрдү бурууда. Айрыкча курал өткөрүүнүн өзгөчө түнкү сааттарда жана үстү жабылган фуралар менен жасалагандыгына көңүл бурулду.

Орусиянын Спутник агенттиги «Орус туристтер Антальянын туризмин жандандырууда» деген маалыматында Жер Ортолук деңиз туристтик мейманкана жана ишкерлер ассосациясынын төрагасы эркан Ягжы январь -  июль мезгилинде Антальяда 2016 – жылга караганда 2 миллиондон ашуун туристтин орустар экендигин белгиледи. Антальяга июль айында келген жалпы турист санынын 2016 – жылдын ушул эле айына караганда 76 пайызга артканыдыгына, 2015 -  жылдын июль айына караганда 8 пайыз, 2014 -  жылдын июль айына караганда да 9 пайызга арткандыгын белгилеген Ягжы 2017 – жылдагы өсүүнүн негизги элементинин Орусия базары экендигин белгиледи.

Ушул эле Спутник агенттиги «Түрк куралдуу күчтөрүнөн Түркия  - Катар орток машыгуусу тууралуу маалымат» деген кабарында Түрк куралдуу күчтөрү Түркия менен Катардын куралдуу күчтөрүнүн ортосунда  5 – 7   - августта кызматташтык жана координациянын өнүктүрүлүшү максатында Катарда өткөрүлгөн биргелешкен машыгуунун ийгиликтүү аяктагандыгын билдирген.

АКШнын Türkish American Web порталы «Улуттук атлет 400 метрдик тосмолуу жарышта атын финалга жаздырды» деген маалымат жарыялады. 16 -  дүйнөлүк атлетизм чемпиондугунда улуттук атлет Ясмани Копелло эркектер 400 метрдик тосмолуу жарышта атын финалга жаздырды. Англиянын борбору Лондондо өткөрүлгөн 16 -  дүйнөлүк атлетизм чемпиондугунун 4 -  күнүндө эркектер 400 метрдик тосмолуу жарыштын жарым финалы болуп өттү. 2016  Рио олимпиадаларында коло, Европа чемпиондугунда алтын медалга жетишкен Куба тектүү атлет Ясмани Копелло финалга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.



Тектеш кабарлар