Дүйнөлүк басма сөзү 08.02.2017

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

668120
Дүйнөлүк басма сөзү 08.02.2017

Орусиянын расмий кабар агенттиги Риа Новости : «Түркия менен Орусия февраль айында тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде сүйлөшөт» деген макаласында президент Р. Т. Эрдоган жана Орусиянын президенти В. Путин жетекчилик кыла турган түрк  - орус жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жыйынынын негизинде алдыбыздагы жумада Москвада тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде ачык жана күн тартиби кенен болгон кеңешүүлөрдүн өткөрүлөрүн маалымдаган. Жыйында түрк тарабынан Түркиянын Москвадагы элчиси Үмит Йардым, Орусиянын атынан болсо тышкы иштер министринин орун басары Алексей Мешков катышат. Сүйлөшүүлөр «Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин» жыйынына даярдыктын бир бөлүгү катары көрүлүүдө. Сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу карым – катнаштар жана көп тараптуу темалар каралат.

Англиянын Ройтерс кабар агенттиги «Мамлекеттик мүлктөр фонду негизги базистик проектилерди финансылоо үчүн пайдаланылат» деген маалыматында Түркия өкмөттүн түрк аба жолдору, чоң банктар жана түрк телекомдогу миллиарддаган долларлык акцияларын өткөн жылы чоң базистик проектилерди финансылоосу үчүн курулган улуттук мүлктөр фондуна өткөрүп бергендигин жазган. Вице – премьер Нуреттин Жаникли Түркиянын мүлктөр фондунун коргонуу жана авиация өнөр жайларындагы инвестициялар менен шосселер жана ооруканалар сыяктуу чоң базистик проектилерди финансылоо үчүн колдонорун айтты. Жаникли твиттерден берген маалыматында «Бул проектилер орточо жана узун мөөнөттө өзүн финансылай турган булак чыгара турган проектилер»,- деди.

Германиянын «Deutsche Welle» гезити «Европанын терең баш – аламандыгы» деген маалыматында Түркиянын Европа өлкөлөрү менен жашаган террористтерди тапшыруу боюнча келишпестиктин Анкара саясатынын да негизги темасы болгондугун билдирген. Бул келишпестик жана эки тараптуу карым – катнаштарга да чагылышы тууралуу «Deutsche Welle» гезитине баа берген Түркия Улуттук Парламентинин тышкы иштер комиссиясынын төрагасы, Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын депутаты Таха Өзхан Европа өлкөлөрүнүн терең баш – аламандык ичинде деген ойдо. Өзхан  : «Ачыкча кан төккөн террордук уюмдарга ээ чыгууга аракет кылышууда. Бул мамиле демократиялык жактан да ахлактык жактан да туура эмес»,- деди. Бул тууралуу Германиянын канцлери Ангела Меркелге Анкара сапарында айткан Өзхан тапшыруу тууралуу олуттуу бир кыймыл көрсөтүлбөсө Түркия – Европа Бирмидиги карым – катнаштарында баш –аламан жана кыйын бир мезгилдин чыгарын айтып Германия башта болуу менен бардык Европа өлкөлөрүнүн эки тараптуу келишимдерге ылайык кыймыл кылышы керектигин белгиледи.

Япониянын «Nihon Keizai Shimbun» экономика гезити «Стамбулдун көзгө көрүнүктүү жерлеринен тарыхый Капалычаршы» деген макаласында Европа менен Азияны байланыштырган Стамбулда тарыхый жарым аралдын туристтик борборлорунан Капалычаршы баалуу таштар, булгарыдан тигилген кийимдер жана белектик буюмдар сатылган 3.600гө жакын дүкөн орун алган абдан чоң базар экендигин жазган. Биринчи жолу келген кишилердин кирген эшигин таап чыгышы оңой эмес. Базар Стамбулга келген кишилерди дайыма өзүнө тартып турду. Капалычаршы ошол эле учурда үйлөнүү үчүн даярданган жуптар асыл таштарды алган жер. Бул тарыхый соода борбору Чыгыш Рим империясынын кулашынан кийин аймакты борбор шаар деп белгилеген Осмон мамлекетинин падышасы 2 -  Махмут курган базар. Ал күндөн бери өнүгүп келген тарыхый базар кыш мезгилинин акырына жакындап келе жаткан бул күндөрдө жаңы туризм сезонуна даярданууда.



Тектеш кабарлар