Дүйнөлүк басма сөз 30.11.2016

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

620965
Дүйнөлүк басма сөз 30.11.2016

Англиянын кабар сайты Ел – Шарк Ел Евсат «Вице – пемьер Нуман Куртулмуш менен интервью» аттуу  макаласында вице – премьер Нуман Куртулмуштун Түркиянын акыркы учурларда Европа Биримдигинин эки жүздүү жана тарап жактаган кээ бир саясаттары менен бетме – бет келгендигин айткандыгын билдирген. Биримдик убада берип да качкындарга материалдык жардам  жана түрктөргө виза жеңилдигин бербегендигин баса белгилеген Куртулмуш : «Европа Биримдиги визаларды жойбосо качкындардын Европа чек араларынан өтүшүнө бөгөт болуудан баш тартабыз»,- деди. Куртулмуш айрыкча ийгиликсиз козголоң кыймылынан кийин Түркияда демократияны колдоодон тартынган Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн Түркияны жаңылткандыгын белгиледи. Куртулмуш : «Шанхай Кызматташтык Уюмунун мүчө өлкөлөрү менен жакындашуубуз жана ал түгүл бул уюмга мүчө болушубуз батыштык өлкөлөр менен болгон карым – катнаштарыбыздын жана Европа Биримдигине мүчө болуу каалообуздун маанисин азайтпайт»,- деди.

Италиянын «İl Giornale» күнүмдүк гезити «Европада качкындар дүрбөлөңү» деген макаласында Европа Биримдигинин Түркияны мүчөлүк сүйлөшүүлөрү тууралуу түрдүү шылтоолор менен дайыма алаксытуусу жана убадаларын орундатпашына Түркия каршы чыккандыгын жазган.  Өкмөт жетекчилери качкын маселеси тууралуу жүктү бөлүшүүнү каалабаган жана түрктөргө виза эркиндиги туурасында кечеңдетүү тактикасына барган батыштын эки жүздүү мамилесине жооп катары Европага барууну каалаган баш калкалоочуларга  жолдорду ачуу белгисин берди. Бул абал ансыз да карызга баткан Афина өкмөтүнүн тынчын алууда. Түркиядагы сириялык качкындар болсо капкалардын ачылышы менен Европага барышарын белгилешүүдө. Азыркы учурда Түркияда 3 миллионго жакын качкын бар.

Орусиянын мамлекеттик кабар агенттиги Риа Новости «Түркия туризм секторун колдоо программасын улантат» деген макаласында премьер – министр Бинали Йылдырымдын түрк жетекчилеринин өлкөдө туризм секторун колдоо программасын келерки жылы да улантуу ниетинде экендигин белгилегендигин жазган. Йылдырым : «Түркияга турист алып келген саякат агенттиктерине 2017 -  жылы турист санын арттыруу максатында ар бир чартердик каттамга 6 миң долларлык жардам берилет. Учак 200дөн ашуун кишини алуусу менен акчалай жардам 7 миң 800 доллар болот»,- деди. Өкмөттүн берген жардамдарына мисал келтирген Йылдырым 2016 -  жылы 30 -  июлдан бери 417 миң 996 кичи жана орто көлөмдөгү ишканалар алган кредит көлөмүнүн 19, 5 миллиард лира экендигин айтты.

Англиянын Ройтерс кабар агенттиги «Аданадагы бомбалуу кол салууну террордук уюм ПКК моюнга алды» деген маалыматында террордук уюм ПККнын уландысы ТАК Аданада өткөн жумада эки киши каза болгон жана 30 кишинин жараланышына жол ачкан кол салуу жасагандыгын билдирген. ТАК АКШ армиясы тарабынан Сирияда террордук уюм ДЕАШка каршы кол салууларды жасоо үчүн колдонулган Инжирлик аба базасынан 16 километр алыстагы Адана губернаторлугунун тышында бейшемби күнү болгон бомбалуу кол салууну жасагандыгын  белгиледи. ТАК андан мурда да Түркиядагы башка бомбалуу кол салуулардын жоопкерчилигин моюнга алган болчу.  

 



Тектеш кабарлар