Дүйнөлүк басма сөз 16. 11. 2016

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалымат

611901
Дүйнөлүк басма сөз 16. 11. 2016

Англиянын Ройтерс кабар агенттиги «Түркия Трамп башкаруусундагы АКШ менен карым – катнаштарынан үмүттүү» деген маалыматында Дональд Трамптын АКШнын президенти болуп шайлануусу Түркияда социалдык медиада абдан чоң жаңырык жараткандыгын жазган. Миллиондогон түрк Трамптын жеңишинин акыркы учурларда союздашы болгон Түркиянын пайдасына тескери кыймыл кылган Вашингтонго сабак бергенин ойлоп жатат. Сирия жана Иракта ДЕАШка каршы күрөштүн ачкыч өнөктөштөрүнөн НАТО союздашы Түркиядагы Америкага каршы сезим июль айындагы ийгиликсиз аскердик козголоңдон кийин олуттуу түрдө артты. Түрктөр Трамптан козголоң кыймылын аткарган террордук уюм ФЕТӨнүн лидерин тапшыруу, Сирия жана Иракта Түркия менен жакын жолдо жүрүшүнөн үмүттүү.

Орусиянын расмий кабар агенттиги Риа Новости : «АКШдагы Трампка каршы митингдер анти демократиялык» деген макаласында премьер – министр Бинали Йылдырым Дональд Трамптын АКШнын президенти болуп шайланышына көчөлөрдө баш – аламандык чыгаруу менен каршы чыгуунун кабыл алынгыс экендигин белгилегендигин билдирген. Йылдырым : «АКШда Трамп жеңип чыккан шайлоо болду. Биз ага телефон чалып куттуктадык. Америка калкы өзүнүн келечеги тууралуу чечимин чыгарды. Көчөдө  баш  - аламандыктарды жаратуу менен шайлоонун жыйынтыктарын көрбөстүккө салуу кабыл алынгыс жана демократияга каршы кыймыл»,- деди.

Австриянын «Die Presse»күнүмдүк чыккан гезити«Европа Биримдигинин Түркия менен түзүлгөн качкындар келишимине муктаждыгы бар» деген кабарында Македониянын  тышкы иштер министри Никола Попоски Европа Биримдигинин Анкара менен түзгөн качкындар келишиминин дагы узун убакыт улантылышын ойлоп жаткандыгын билдирген. Түркиянын союздаштарына муктаж болгондой эле  Европа Биримдигинин өзгөчө да Германиянын келишимге муктаж экендигин баса белгилеген Попоски : «Өткөн жылдагычалык көп сандаган качкындын кайрадан келиши сыяктуу мүмкүнчүлүккө эч бир саясатчы ээ эмес. 2017 -  жылдагы шайлоо боло турган Германия үчүн эмес. Мен эч биринин Европа Биримдиги  - Түркия келишимин олуттуу түрдө коркунучка салууну каалагандыгын ойлобоймун",- деди.

Италиянын АНСАмед кабар желеси «Түркия – Орусия карым – катнаштары барган сайын күчтөнүүдө» деген маалыматында өткөн жылы ноябрь айында Сирия чек арасында бир орус реактивинин атып түшүрүлүшү менен улантылган кризистин соңуна чыгышынан кийин  Түркия менен Орусиянын ортосундагы карым – катнаштардын калыбына келишине карата процесс улантылууда. Премьер – министр Бинали Йылдырым кесиптеши Медведев менен декабрь айынын биринчи жумасында Москвада жолугушат. Жолугушууда туризм маселесине алдыңкылык берилүү менен эки тараптуу карым – катнаштардын күчтөндүрүлүшү каралат. Айрыкча Сириянын абалы да күн тартибинде болот. Калың топ ишкер да коштой турган Йылдырымдын бул сапары өткөн айда стратегиялык түтүк жолу «Түрк агымы» тууралуу  келишимге кол коюлушу үчүн Стамбулда өткөрүлгөн аземге бирдикте катышкан президент Р. Т. Эрдоган жана Орусиянын президенти В. Путиндин ортосунда январь айында жаңы бир жыйын өткөрүү ыктымалына да мүмкүнчүлүк берет.



Тектеш кабарлар