Дүйнөлүк басма сөз 22.06.2016

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

515896
Дүйнөлүк басма сөз 22.06.2016

Орусия кабар сайты «Спутник» «Челик Европа Биримдигине мүчө болбосо да Түркия абдан чоң Европа демократиясы» деген макала жарыялаган. Макалада Европа Биримдиги министри жана башкы сүйлөшүүчү Өмер Челик Европа Биримдигине мүчө болбосо да Түркиянын чоң бир Европа күчү, чоң бир Европа демократиясы экендигин айтканы билдирилдген. Италиянын тышкы иштер министри Паоло Гентилони менен министрлик имараты Фарнесинеда бир жарым саатка созулган жолугушуу өткөргөн Челик Түркиянын Сирия жана Ирак сыяктуу ыраатсыз аймактар менен 1295 километрге жакын чек арасынын бар экендигин жана бул жерде жалгыз күрөшүп жаткандыгын баса белгиледи. Министр Челик тарыхтын эң чоң кризистеринин бири качкындар кризисин Түркия менен Европа Биримдигинин ортосунда түзүлгөн баш калкалоочу кризисине карата келишим менен бирдикте башкарганын эске салып : «Биргелешкен механизм, биргелешкен кыймыл план түзүп абдан чоң ийгиликке жетиштик. Келишим менен октябрь айында 7 миң киши кирген болсо бүгүн бул сан 20 – 30га түштү. Эң жакшы кабар да май айынын ичинде эч кандай өлүм болгон жок»,- деди.

Катар басма сөз курулушу «Аль Жазира» «Ейфел мунарасы үчүнчү жолу түрк байрагынын түсүнө бөлөндү» деген маалыматында Euro 2016дагы үчүнчү матчтын Ленс шаарында Чех республикасы менен ойногон А улуттук курама команданын Twitterден алган колдоосу менен Ейфел мунарасы  15 минута түрк байрагынын ак – кызыл түсү менен жарыктандырылганын жазган. Ейфел мунарасы Европа футболдук чемпиондугу Euro 2016да социалдык медиа платформасы Twitterда жүргүзүлгөн кампаниянын алкагында күн сайын матчы болгон өлкөлөрдүн арасында акыркы матч бүткөндөн 10 минутадан кийин эң көп колдоо алган өлкөнүн командасынын байрак түстөрү менен жаркытандырылууда.

 

Азербайжан кабар сайты TREND NEW AGEANCY «Министр Чагатай Кылыч : командабыз бизди уят кылбады» деген макаласында жаштык жана спорт министри акиф Чагатай Кылыч улуттук курама команданын Чек республикасы менен ойногон жана 2 – 0го жеңген беттешүүдөн кийин чечинүүчү бөлмөгө келип тренер Фатих Терим жана футболчуларды куттуктады. Министр Чагатай Кылыч : «Биз командабызга ишендик. Алар да бизди уят кылышкан жок»,- деди.

АКШнын кабар порталы TURKİSHNY “Түштүк Кипр Түркиянын өрт өчүрүүгө жардам берүү сунушун кабыл алды» деген макаласында Кипр рум башкаруусу Түштүктө үч күндөн бери болуп жаткан жана текшерүүгө алына албаган токой өртү тууралуу  Түркиянын узаткан жардам колун кабыл алгандыгын билдирген. Рум башкаруусунун лидери Никос Анастасиадис Түркия токой жана суу чарбасы министри Вейсел Эроглу жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы тарабынан билдирилген : «Түркиянын үч учак менен өрт өчүрүү иштерине салымын кошуу» сунушун кабыл алганын билдирди. Премьер – министр Бинали Йылдырымдын жолдомосу менен өрттү өчүрүү үчүн эки өрт өчүрүүчү тик учар Анамурда жана бир учак да Антальяда даяр күтүүдө. Өрттө 2 өрт өчүргүч каза болуп үчөөсү оор болгон алты киши да жараланды. Өрт отурукташуу жерлеринин жакын жерлерине чейин келип, кээ бир айылдар бошотулду.



Тектеш кабарлар