Дүйнөлүк басма сөз 1.06.2016

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

501655
Дүйнөлүк басма сөз 1.06.2016

Ройтерс агенттиги «Эрдоган: Германиянын армян геноциди мыйзамы эки тараптуу карым – катнаштарга зыянын тийгизиши мүмкүн» деген маалыматында Түркиянын президенти Р. Т. Эрдоган бүгүн 1915 -  жылы армяндардын  топ түрүндө өлтүрүлүүсүн геноцид катары мүнөздөөгө жакын Германия мыйзам сунушунун Анкара менен Берлиндин арасындагы карым – катнаштарга зыянын тийгизерин айтканын билдирген.  Эрдоган : «Германия ушуну менен алданууну каалап жаткан болсо анда дипломатиялык, соода, саясий жана аскердик карым – катнаштарыбызга зыянын тийгизет. Эки өлкө тең НАТО мүчөсү»,- деди.

АКШ Түрк  - Америка кабар порталы TURKİSHNY: “Эрдогандын сапары Африка менен Түркиянын ортосундагы өнөктөштүктү күчтөндүрөт» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын  Уганда сапарына баа берген Уганданын Аддис Абаба элчиси жана Африка Биримдиги менен БУУнун Африка экономикалык кеңешинин туруктуу өкүлү Мулл Себужжа Катенде : «Эрдогандын сапары Африка менен Түркиянын ортосундагы өнөктөштүктү күчтөндүрүүгө жана эки өлкөнүн ортосундагы тектүү тарыхый карым – катнаштарды өнүктүрүүгө карата чечкиндүүлүгүн көрсөтүүдө»,- деди. Уганда калкы жана өкмөтүнүн сапардан Түркиянын Уганда менен соода кызматташтыгынын өнүгүшүнүн көрсөткүчү катары көргөнүн айткан Катенде өлкөсүнүн Түркиянын инвестицияларынан  пайдаланууну арттырууну каалаганын жана дагы көп түрк ишкерин тартууну каалаганын белгиледи.

Азербайжандын «Йени Мүсават» гезити «Бинали Йылдырымдын Азербайжан сапарынын тарыхый мааниси» деген маалыматында Түркиянын жаңы премьер – министри Бинали Йылдырымдын  3 -  июнь күнү Азербайжанга барарын жазган. Бинали Йылдырым салтка айланган биринчи өлкө тышы сапарларын Түндүк Кипр Түрк Республикасына жана Азербайжанга жасайт. Премьер – министр сапарында президент Илхам Алиев менен жолугушат. Адистердин билдиргенине караганда Бинали Йылдырымдын Баку сапары акыркы айларда  начарлаган Азербайжан – Армения карым – катнаштарынын себеби менен Түркия менен карым – катнаштарда жаңы мезгил башталат. Боордош өлкөнүн Азербайжандын жанында экендигин дагы бир жолу көрсөткөндүгү белгиленди.  

Катардын «Аль Жазира» гезити «Тышкы саясатта өзгөртүүлөрдүн киргизилиши керек» деген маалыматында кээ бир гезит жана телекөрсөтүүлөрдүн өкүлдөрү менен эрте мененки тамакта жолугушкан вице – премьер Нуман Куртулмуштун Сирия, Ирак, Орусия, Европа Биримдиги жана Израиль менен карым – катнаштарда жаңы кадамдарды таштай тургандыгын айтканын билдирген. «Абдан ылдам өзгөргөн тышкы саясат атмосферасы бар. Мурунтадан бери  аткарып келген кээ бир ишке ашырууларда бир топ өзгөртүүлөрдүн  киргизилиши мажбур. Дүйнө абдан чоң кагылышуу  мезгилине кирди. Биз кааласак да бардык маселени чече турган күчүбүз да жок, бардык маселени  чечүү мүмкүнчүлүгү да жок. Аткаруубуз керек болгон нерсе тегерегибизде болуп жаткан бул кагылышуу аянттарын мүмкүн болушунча азайтуу, жок дегенде кагылышуунун Түркия бөлүгүнүн жеңилдетилүүсү керек»,- деди.



Тектеш кабарлар