Дүйнөлүк басма сөз 8. 04. 2015

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

230575
Дүйнөлүк басма сөз 8. 04. 2015

Испаниянын «La Vanguardia» гезити «Крымдагы абал кабыл алынгыс» деген маалыматында Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркия республикасынын президенти Р. Т. Эрдоган Крымда иш алып барган медиа органдарынын жабылуусу тууралуу телефон аркылуу сүйлөшүшкөнүн билдирген. Медиа органдарын жабуу чечими Анкара тарабынан катуу сынга алынды. Тема тууралуу түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Крымдагы абалды «кабыл алынгыс» деп мүнөздөгөнү жана татарлардын кысымга алынып жатканын айтканы гезитте белгиленген.
Япониянын «Yomiuri Shimbun» гезити «Түркия Крымга делегация жиберет» деген маалыматында Түркия өкмөтү Орусия тарабынан аннекция кылынган Украинанын түштүгүндөгү Крым жарым аралына расмий болбогон иликтөө делегациясын жиберүүгө даярданып жатканын жазган. Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу чечимди 3 - апрелде Литвага жасаган сапары учурунда өткөргөн пресс – жыйында билдирген. Делегация менен Түркия менен тарыхый жана терең карым – катнаштарга ээ болгон Крымда жашаган татарлардын укуктарына карата эреже бузуулардын иликтенүүсү максат кылынууда.
АКШнын «Bloomberg» гезити “Түркия экономика пакетин билдирди» деген маалыматында премьер - министр Ахмет Давутоглу июнь айында боло турган парламенттик шайлоодон мурда өлкөнүн экономикасын жандандыруу үчүн 7, 5 миллиард лиралык жумуш менен камсыздоо пакетин билдиргенин жазган. Премьер – министр Давутоглу Анкарада өткөргөн пресс – жыйында пакеттин пенсия айлыктарына 4 миллиард лира жардам берилүүсү жана убактылуу жумуш менен камсыз кылуу сыяктуу чараларды камтыганын билдирди. Давутоглу пакеттин бюджетке да экономикалык тең салмактуулукка да эч кандай таасир тийгизбей турганын, тескерисинче салык кирешеси жана жумуш менен камсыз кылуунун артуусуна себеп боло турган экономикалык өсүүнү жандандырарын айтты.
Япониянын «Nihon Keizai Shimbun» гезити «Атомдук станция келишими бекитилди» деген маалыматында түрк парламенти япон фирмалар да катышкан атомдук станциянын курулушуна байланыштуу соода келишимин бекитти. Япон, француз жана түрк фирмаларынан турган консорциум жакында булардын баарынан жооптуу бир фирма курат. 2028 - жылга чейин Кара деңиз жээгинде Синоптогу атомдук станциянын төрт комплекси кезеги менен ишке кирет. 31 - мартта Словакияга барган президент Эрдоган : «Түркиянын энегерика талабы күндөн күнгө артууда. Чара көрүлөт»,- деп үчүнчү станциянын курулушуна карата оң абалды ортого салган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар