Дүйнөлүк басма сөз 1. 04. 2015

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

220101
Дүйнөлүк басма сөз 1. 04. 2015

Англиянын Ройтерс кабар агенттиги «Обама менен президент Эрдогандын телефон аркылуу сүйлөшүүсү» деген маалыматында Ак үйдөн берилген маалыматка караганда президент Барак Омаба президент Р. Т. Эрдоган менен Йемендеги кризис да болуу менен Жакынкы Чыгышта чукул түрдө чечүүчү жолду күткөн маселелердин сүйлөшүлгөнүн белгилеген.
Ак үй телефон аркылуу сүйлөшүү тууралуу маалыматында айрыкча Обама жана президент Эрдогандын ДАИШ террористтерине каршы күрөштөгү кызматташтык жана Ирак менен Сирияга коопсуздук жана ырааттуулуктун алып келинүүсүнө байланыштуу биргелеше кыймылдардын каралганы билдирилген.
Италиянын АНСАмед кабар агенттиги «Сабыр түбөлүктүү эмес» деген маалыматында Европа Биримдиги миистри жана башкы сүйлөшүүчү Волкан Бозкыр Римде : «Эгерде Брюссель макул болбосо жоготкон өзү болот»,- деди. Римде Эл аралык карым катнаштар институту тарабынан өткөрүлгөн жыйында сөз сүйлөгөн Бозкыр Анкаранын Европа келишимдерине мүчөлүк кайрылуусунун 50 жылдык узун убакыт экенин эске салды. Бозкыр :«Анкара ушул кезге чейин сабырдуу жана оптимист болду»,- деди. Министр бир топ маселенин чечилгенин, бирок Биримдикке карай кеткен жолдун дагы эле татаал экенин жана Түркиянын өз үлүшүнө түшкөндү аткарганын белгиледи.
Даниянын «Нудем» гезити «Европанын эң чоң синагогасы» деген маалыматында Чоң Эдирне синагогасынын ачылуусуна катышкан вице – премьер Бүлент Арынчтын Израиль менен карым – катнаштарда маселелер болсо да еврейлердин Түркиянын бөлүнгүс элементи экенин жана ушул себептен Эдирне синагогасынын кайрадан жандандырылуусуна салым кошуунун Адилеттик жана өнүгүү партиясы үчүн сыймык экенин айтканын билдирген. Бүлент Арынч айрыкча еврейлерди Түркияга чакырды жана : «Эгерде Түркияда жашоону кааласаңыздар 78 миллион кишинин сиздерди кучактоого даяр экенин билишиңиздер керек»,- деди. Түрдүү булактарга караганда Чоң Эдирне синагогасы Европанын эң чоң синагогаларынан, дүйнөнүн да саналуу синагогаларынын бирөөсү.
АКШнын «Defense News» «Түрк фирмасы танк моторун чыгарат» деген маалыматында мотор чыгарган менчик бир түрк фирмасы өлкө чыгарган «Алтай» деген жаңы танк үчүн мотор долборлоо үчүн өкмөт менен 190 миллион евролук келишимге кол койгонун жазган. Долбоордо Алтайдын мотору үчүн жегиликтүү долбоор, өнүктүрүү, прототиб, мотор тести жана сертификацияландыруу орун алган. Долбоордун 54 айдын ичинде бүткөрүлүүсүнүн жана өлкө ичиндеги мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланылуусунун максат кылынганы белгиленген.
АКШнын «The Washington Post» гезити «Абдан чоң тарыхый жер астындагы шаар» деген маалыматында Түркиянын Кападокия аймагынд чоң аянтты камтыган жер астындагы шаарлардын ичинен эң көзгө көрүнүктүүсү Деринкую жер астындагы шаары. Бирок Деринкую канчалык сыйкырдуу болсо болсун аны да артта калтыра турган бир жер астындагы шаар табылды. National Geographicте жарыяланган кабарга караганда Невшехир университетинен геофизиктер шаардын жердин 110 метр астында 450 гектарга жакын аянтта экенин аныкташты. Чоңдугу толугу менен билинбеген шаардын 18 кабаттуу турмуштук аянты, дүкөндөрү жана кыдыруучу жерлери менен 20 миң кишини ичине ала алары болжолдолууда. Шаар бүгүн Түркиянын археологиялык казыналарынын бири катары кабы алынууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар