Дүйнөлүк басма сөз 25.03.2015

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар.

280883
Дүйнөлүк басма сөз 25.03.2015


Англияда басылып чыккан «Financial Times» гезити «Европа Биримдиги менен Орусиянын аракети» деген макаласында Европа Биримдиги тарабынан көптөн бери күттүрүлүп келе жаткан Каспий деңизи газынын импорттолушуна байланыштуу план, Түркияда Транс Анадолу газ кууру долбоорунун (ТАНАП) ишке аша башташы менен илгерилегенин билдирген.
Транс Анадолу газ кууру долбоору ТАНАП, Европа Биримдиги колдогон Түштүк газ коридору үчүн маанилүү байланыш жана Каспий деңизиндеги энергетика экспортун түрдөнтүп, Европанын Орусияга көз карандылыгын азайтуу үчүн пландалган түтүк жолунун толуктоочу бөлүгү мүнөзүндө.
Эң башта 3500 километр деп пландалган Түштүк газ коридору, жаратылыш газын Каспий деңизинен Азербайжан жээктерине ташыйт.

Орусиядагы «Риа новости» гезити «Анкара-Киев соода көлөмү» деген макаласында президент Режеп Таййип Эрдогандын өткөн жумадагы Украинага сапары убагында Украинанын президенти Петро Порошенко менен чогуу эки өлкөнүн ортосунда ушул учурда 6 миллиард доллар болгон соода көлөмүн 2017-жылга чейин 10 миллиард долларга, 2023-жылга чейин болсо 20 миллиард долларга жогорулатууга чечим чыгаргандарын белгиледи.
Президент Эрдоган айрыкча Анкара менен Киевдин эркин соода келишимине кол коюуну пландагандарын да белгиледи.
Украинанын президенти Петро Порошенко да украиналык фирмалар ТАНАП түтүк жолун куруу иштерине кошулушу ыктымал экени жөнүндө Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган менен сүйлөштү.
Порошенко өз твиттер барагына да «Түркиянын президенти Эрдоган менен Крым татарларынын укуктарынын корголуусу үчүн биргелешкен иш-чараларды жүргүзүүгө чечим чыгардык»,- деп жазды.

Англиядагы «Аль-Кудс аль-Араби» гезити «Баш тарттыруучу күч» деген макаласында президент Режеп Таййип Эрдогандын: «Коргонуу өнөр жайыбызды күчтөндүрүп, өзүбүз өндүргөн курал-жарактар менен армиябызды дүйнөдөгү жана аймактагы баш тарттыруучу күч кылууга чечкиндүүбүз. Муну ар бир тармакта өзүбүз долбоорлогон шаймандар менен аткарабыз. Куралдуу күчтөрүбүздү жана коргонуу өнөр жайыбызды күчтөндүрүшүбүз керек»,-деди.
Түрк армиясы НАТОдогу эң чоң экинчи армия катары кабыл алынса, 2014-жылдагы дүйнөнүн эң чоң армияларынын тизмесинде сегизинчи орунду ээледи.

Испаниядагы Europa Press агенттиги «Обамага медицина реформасы сунушу» деген макаласында президент Режеп Таййип Эрдогандын АКШлык кесиптеши Барак Обамага өлкөсүндө медицина реформасын ишке ашырууну сунуштаганын жазган.
Эрдогандын билдирүүсүнө караганда Обамага сунушу Стамбулдагы «Султанахмет» мечитине зыяраты убагында АКШлык туристтердин өтүнүчүнөн кийин болду.
Президент Эрдоган айрыкча көптөгөн европалык жооптуулардын медицина системасын иликтөө үчүн Түркияга келгендерин жана бул системаны өлкөлөрүндө ишке ашырууну каалагандарын айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар