Дүйнөлүк басма сөз 18. 03. 2015

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

270565
Дүйнөлүк басма сөз 18. 03. 2015

Катардын «Аль Жазира» интернет сайты «Мусулмандар террор менен дал келтирилүүдө» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын кээ бир чөйрөлөр тарабынан мусулмандарды террор менен дал келтирүүгө карата долбоордун түзүлгөнүн жана Батыштын көзүндө мусулман дегенде эске эң биринчи түрктөр келгендиктен мусулмандарга карата кыймылдардын биринчи максатынын Түркия экенин айтканын жазган.
Балыкесирде сөз сүйлөгөн президент Эрдоган ислам ааламын кагылышуу жана террордук кыймылдарынын борбору катары көрсөтүүгө аракет кылган чөйрөлөргө каршы мусулмандардын өз баалуулуктарын коргоо үчүн аракет кылуулары керектгин айтты, өлкөсүнүн мусулмандардын жана дүйнөдөгү күнөөсүз кишилердин жанында болууну улантарын сөздөрүнө кошуп кеткен.
Кытайдын «Синьхуа» гезити «Түркия – Венгрия энергетика кызматташтыгы» деген маалыматында Венгриянын президенти Янош Адер менен Анкарада жолугушкан президент Р. Т. Эрдоган эки өлкөнүн энергия өндүрүү тууралуу кызматташтыгын бекемдей турганын белгилеген. Президент Эрдоган эки өлкөнүн энергия кызматташтыгынын өнүктүрүлүшүнүн негизинде Транс - Анадолу жаратылыш газ куурунун сүйлөшүлгөнүн белгилеген.
Афганстандын «Сабах 8» гезити «Чавушоглу – Раббани жолугушуусу» деген маалыматында Афганстандын тышкы иштер министри Салахаддин Раббани тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен Анкарада жолугушканын маалымдаган. Жолугушууда түрк тышкы саясатында Афганстандын негизги абалда экенин айткан министр Чавушоглу өлкөсүнүн тынчтыкчыл аракеттерине карата колдоосу жана Афганстан менен кызматташтыктын улантылары боюнча ишеним берди.
Орусиянын Ng.ru интернет сайты «Түркия багыты» деген маалыматында акыркы 30 жылдын ичинде Орусия менен Түркиянын ортосунда активдүү энергия кызматташтыгынын түзүлүп жатканын жазган. Энергия соодасы эки тараптуу карым – катнаштардын эң негизги бөлүгүн түзөт. Эки өлкөнүн ортосундагы жылдык соода көлөмү 33 миллиард долларга жетип, мунун 26 миллиарддык бөлүмү энергия булактары болгон Орусиянын экспорту түзүүдө. Тараптар жаратылыш газдын тышында Түркия базарынын энергия булактарынын муктаждыгын камсыз кылуу үчүн көмүр жана нефть тууралуу кызматташтыкты күчтөндүрүүнү каалайт. Айрыкча энергия кызматташтыгы бири бирине карата инвестиция тармагында да кеңейди. Орусия Түркияда алгачкы атомдук станциясын курат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар