Дүйнөлүк басма сөз 26. 11. 2014

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

206327
Дүйнөлүк басма сөз  26. 11. 2014

АКШ – АР агенттиги «Байден : «Түркияга муктажбыз» деген маалыматында АКШнын вице – президенти Жо Байден менен президент Р. Т. Эрдоган өткөн ишемби күнү төрт саатка жакын сүйлөшүү өткөргөнүн жазган. Сүйлөшүүдөн кийин журналисттерге маалымат берген Байден Эрдоган менен Ирак жана Сирия тууралуу кенен түрдө сүйлөшүшкөнүн жана АКШ – Түркия карым – катнаштарынын «ушул кезге чейин эч болбогондой күчтүү» экенин айткан. Байден тема тууралуу маалыматын төмөкнүчө уланткан : «Түркияга муктажбыз жана Түркия да бизге муктаж экенине ишенем». Эрдоган болсо Байден менен башка глобалдык маселелер менен бирге Ирак жана Сирия темаларын сүйлөшүшкөндөрүн жана ушуга окшогон сүйлөшүүлөрдү улантууну пландашкандарын билдирди.
АКШнын «The Wall Street Journal» гезити «Байден качкындарга жардам берүүнү жарыялады» деген маалыматында АКШнын вице – президенти Жо Байден Сириядагы граждандык согуштан таасирленген жарандардын азыктануусу үчүн жардам катары 135 миллион долларлык гуманитардык жардам берилерин айтканын жарыялаган. Стамбулда сөз сүйлөгөн Байден бул жардам менен Сириядагы коргоосуз кишилердин Түркиядагы жана башка өлкөлөрдөгү сириялыктардын азыктануусуна жардам берилерин айткан.
Испаниянын «La Vanguardia» гезити «Африка менен 50 миллиард долларлык соода – сатык» деген маалыматында Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Экватор Гвинеясынын шаары Малабо жакындарындагы Сипоподо берген маалыматында Түркиянын Африка менен бири бирине карата сооданын 2018 – жылы 50 миллиард долларга жетүүсүн күткөнүн айтканын маалымадаган. Министр Чавушоглу президент Р. Т. Эрдоган менен бирге 2 - Африка – Түркия саммитинин ачылышына катышты. Чавушоглу Африканын ылдам өскөнүн, ушул себеп менен бир топ өлкөнүн акыркы 10 жылда болгон 4 пайыздан жогору болгон өсүүдөн пайдаланганын айтып африкалык саясатчылардан экономикалык жана социалдык тармактарга аялдардын дагы көп катышуусу үчүн жаңы жолдорду табууларын суранды.
Бириккен Араб Эмирликтеринин «Ел Арабия» интернет сайты «Алжир – Түркия жаратылыш газ келишими» деген маалыматында Алжир менен Түркиянын ортосунда жаратылыш газ алууга байланыштуу келишимге кол койгонун билдирген. Келишим Алжирден суюлтулган жаратылыш газ алууга байланыштуу эки өлкөнүн ортосундагы келишимдин 10 жылга узартылуусун жана келишим түзүлгөн көлөмдүн 50 пайызга көбөйтүлүүсүн камтууда. Келишим Түркия республикасынын президенти Р. Т. Эрдогандын Алжирге жасаган расмий сапарынын алкагында турмушка ашты. Президент Эрдоган сапар учурунда Алжирдин президенти Абдулазиз Бутефлика менен жолугушту. Жолугушууда эки лидер Түркия менен Алжирдин ортосундагы карым – катнаштар жана ар түрдүү маселелерди карап чыгышты.
Испаниянын «El Pais» гезити Түрк аба жолдору 60 миң жүргүнчүнү максат кылууда деген маалыматында Түрк аба жолдору эки жылдан бери Билбаону дүйнөнүн 261 жери менен бириктирүүдө. Өткөн жылы фирмага таандык учактар 40 миң жүргүнчү ташыды. 2014 – жылдын октябрь айына чейин 50 миң киши фирманы тандаса бул сандын жылдын акырына чейин 60 миңге жетүүсү күтүлүүдө. Фирма Билбаодон Кытай, Индия, Жакынкы Чыгыш, Сингапур, Гонконг, Тайланд жана Малдивдерге учууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар